super.kg logo

Бишкекте өтүп жаткан айыл чарба техникасынын көргөзмөсү 16-ноябрга чейин уланат

 

Бишкекте "АгроТехЭкспо-2018" айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү өтүүдө. Анда 20 өлкөнүн 30 компаниясынан келген өкүлдөр, ошондой эле республиканын булуң-бурчунан келген фермерлер жана дыйкандар катышууда. Көргөзмө 16-ноябрга чейин уланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын ачылышына катышкан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өлкө аймагында 2020-жылга чейин Машина-трактордук станцияларды (МТС) түзүү боюнча план иштелип чыкканын айтты. Анын билдиришинче бүгүнкү күндө республика боюнча 71 МТС иштеп жатат, анын 15и 2018-жылы түзүлгөн.

"Айыл чарбасынын потенциалын күчөтүү - ата мекендик агрардык тармакты өнүктүрүүнүн маанилүү маселелеринин бири болуп саналат. Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден кийин дыйкан-фермерлерибиз үчүн кеңири базардын ачылышы менен кошо катуу атаандаштык да пайда болду. Буга байланыштуу биздин дыйкандардын жана кайра иштетүүчүлөрдүн жаңы технологияларды колдонуусу заман талабы болуп саналат. Биз өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын сапаты жогору жана өздүк наркы төмөн болушун жетишүүгө тийишпиз", - деген Кубатбек Боронов өлкө аймактарында мындай көргөзмөлөрдү өткөрүү маанилүү экендигин белгиледи.

Маалыматка караганда көргөзмөнүн алкагында лизинг боюнча долбоорлор көрсөтүлүп, айыл чарба техникасын камсыздандыруу, насыя берүүчү ишканаларды лизинг долбоорлоруна тартуу маселелери каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.11.2018. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Учурда сонун техникалар абдан коп, бирок баасы асман чапчыйт. Карапайым дыйкандын чонтогуно чак келбейт. Дыйкандын тушуму болсо арзыбаган баага сатылууда.
15.11.2018. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рулон пресс канча болду экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: