Экономика министри: "Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган келишим колдоо тапса эттин, төө буурчактын экспорту өсөт"
"Эркин соода аймагын түзүүгө багытталган келишим колдоо тапса эттин, төө буурчактын экспорту өсөт" деп кечээ, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында экономика министри Олег Панкратов билдирди.
Олег Панкратовдун айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы келишим ишкерлердин 1 миллион долларга жана бажы тарифинен 42 миллион долларга чейин үнөмдөөгө өбөлгө түзөт. "Бул келишим ратификацияланып калса, эттин экспорту 80 пайызга, төө буурчактын экспорту 40 пайызга өсөт деген божомол бар", - деди министр.
Депутаттар мындан ары да Ирандын рыногун дыкат иликтеп чыгып, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мамилелерди, анын ичинде соода-экономикалык алакаларды арттыруу зарылдыгын белгилешти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

