Депутат Бекешев: "Бишкектеги жол тыгындардын айынан айдоочулар президентти, депутаттарды, өкмөттү, мэрди сөгүп жатышат"
"Бишкектеги жол тыгындарын азайтуу маселесин мэр чече албайт, өкмөт жумушчу топ түзүшү керек" деп бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, аба ырайына байланыштуу 4 күндөн бери жол тыгындар орун алып жатат. "Айдоочулар президентти, депутаттарды, өкмөттү, мэрди сөгүп жатышат. Жумушка келүү үчүн 2 саат кетип жатат. Бул маселени мэр чече албайт, өкмөт жумушчу топ түзүшү керек. Убакыттан баалуу нерсе жок. Ошондуктан бул көйгөй тез арада чечилиши зарыл", - деди Бекешев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.