"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Бишкекте кырсыкка кабылган таштанды ташуучу унаа боюнча териштирүү жүрүп жатат
"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман Бишкекте "Тазалык" муниципалдык ишканасынын унаасы кырсыкка кабылганын маалымдаган.
"Борбор шаардагы Лев Толстой, Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде таштанды ташыган унаа троллейбустун зымы тартылган мамыны сүздү. Мындан улам троллейбустар өтө албай токтоп турушат", - деп билдирген окурман.
Бул тууралуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева аталган унаа менчик компанияларга тиешелүү экенин айтып, кайсы компанияга караштуу экени аныкталып жатканын билдирди.
Ал эми шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, окуя катталган жерге адистер жөнөп кетти. Окуянын кесепеттери аныкталат.
"Тазалыктын" унаасы кырсыкка кабылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.