super.kg logo

Депутат Момбеков Бишкектеги Киев көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун атын берүүнү сунуш кылды

 

Депутат Рыскелди Момбеков Бишкектеги Киев көчөсүнө жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын берүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси дүйнө жүзүндө белгиленип, ал иш-чаралар аяктап, жыйынтыкталып жатканы турат. Өзгөчө өзбек туугандарга рахмат айтышыбыз керек. Алар Ташкенттеги көчөгө Айтматовдун атын берди. Казак туугандарга да рахмат. Алар дагы чоң көчөсүнө биздин жазуучунун атын берди. Бизде эмне болду? Бишкектин билинбеген иши менен илинбеген бийлиги билмексенге салып койду. Борбор шаарыбызда Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин алкагында бир дагы иш-чара өткөн жок. Бул уят нерсе. Эки даңазалуу инсан Манас атабыз менен Чыңгыз Айтматовдун атын бир көчөгө берип койду. Бул чолок, чоркок саясат. Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынан сунуш түшпөсө, анда мен сунуш киргизем. Бул Белинский көчөсүн Манас проспектиси деп атаганыбыз оң, ал эми Киев көчөсүнө Чыңгыз Айтматовдун атын берели. Эгер биз эгемендүү мамлекет болсок эки залкар адамдардын атын эстешибиз керек", - деди Момбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.11.2018. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чынгыз Айтматов кочосу барго.кандай болуп калат анда бул жагы.лучше сиздин атынызды эле бербейлиби.башкалар козу тируу туруп деле оздоруно Гумбоз (Айкел)тургузуп жатышатго.
15.11.2018. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чынгыз Айтматов менен Чынгыз Айтматов кочосунун кесилишинен токтотуп коёсузбу дейт экенбиз да
15.11.2018. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bars88,ха ха го
15.11.2018. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек шаарыбыздын Союз мезгилинде коюлган кочолордун аттарын озгортууго эч кандай негиз жок, бул тарых мурда кандай коюлса ошондой калуусу керек. Союздан эстелик бизге. Тынчтык проспектисин( прос Мира) да озгортпоо керек эле. Айтматовко жаны тушкон чон магистралга ыйгаруу керек эле.Мисалы Ахунбаев кочосун кок жар конушун аралап откон жолду Кант шаарына чеин узартып ушундай узун чон кочолорго берсе болмок. Киев кочосу да кооз угулат озгортсо канча чыгым болот аны да эске алуу керек. Балп этти.
15.11.2018. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кочолорго, мектептерге, бала бакчаларга дегеле адамдардын аттарын койбой эле койбойсунарбы? Ал аттар адамдарга азан чакырылып коюлган аттары го.
16.11.2018. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул депутат агабыз Айтматовдун аты уже кочолорго наам болгонун билбейт сыягы баркелде бул да болсо шерменде....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: