super.kg logo

Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөтүп курман болгон Кыргыз жоокеринин туугандары изделип жатканы орус сайтында жарыяланды

 

Социалдык тармактарда 1941-1945-жылдар аралыгындагы Улуу Ата Мекендик согушта эрдик көрсөтүп каза болгон жоокердин сөөгү табылгандыгы тууралуу жарыя тарады. Билдирүүнү жазып калтырган Игорь Пешнин аттуу Орусиянын жараны: "Кимдин досторунун арасында кыргыздар бар? 1911-жылы туулган Абдумалин Токтогулов аттуу жоокердин туугандары изделет. Ал дайынсыз жоголгон адам катары эсептелиши мүмкүн. Бөлүшүп койгула", - деп жазган.

Пешнин бул маалыматты согушка катышып дайынсыз болгон жоокерлердин эрдиги жазылган жана аларга берилген сыйлыктар жарыяланчу "Подвиг народа" сайтынан окуганын айтты. Аталган сайтка өтүп, дайынсыз жоокер тууралуу төмөнкү маалыматтарды алдык.

Токтогулов Абдумалин (же Абдумалик болушу да мүмкүн) 1911-жылы туулган. Кызыл Армиянын катарына 1942-жылы 11-декабрда алынган. Ал Кыргыз ССРинин Ысык-Көл облусуна караштуу Пржевальск райондук аскер комиссариаты тарабынан (азыркы Каракол шаары) аскерге чакырылган. Кызмат өтөгөн жери 93-өз алдынча аткычтар бригадасы. Токтогулов 1943-жылы 11-январда эрдик жасаган. Бул үчүн аталган сайтта Токтогуловго "Эрдиги үчүн" төш белгиси ыйгарылган.

"Сталинграддын түштүк-батышында 1943-жылдын 11-январындагы кармашта душмандардын күчтүү ок жаадыруусунда жоокер ага каршы туруп, ок аткан. Душмандардын танктык чабуулуна каршы курал менен пехотанын курамында жоокер немистердин траншеясына барып автомат менен душмандарды жок кылган".

Дал ушундай маалымат ал жасаган эрдиги үчүн берилген документте жазылып калган. Абдумалин Токтогулов 32 жашында эрдик кылып курман болуп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Комментарийлер(3)
19.11.2018. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо согушта курман болгондорду кантип издеп тапса болот
19.11.2018. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Liliia,Мемориал,Подвиг народа, Бессмертный полк деген сайттарга кирип,издесениз болот.
19.11.2018. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Согушка барып бир айдан кийин эрдик жасаптыр да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: