super.kg logo

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы: "Мамлекет менен диний уюмдардын эффективдүү моделин иштеп чыгуу керек"

 

"Бул эл аралык жыйын жарандардын укугун, дин тутуу эркиндигин камсыздоо, улуттук мамлекеттердин маданий өзгөчөлүктөрүн сактоо жана мамлекет менен диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнүн эффективдүү моделин иштеп чыгуу максатындагы узак мөөнөттүү долбоордун биринчи кадамы болуп саналат". Мындай пикирин дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Зайырбек Эргешов "Ислам азыркы светтик мамлекетте" аттуу II эл аралык жыйында айтты.

Ал өткөн жылдын 28-29-сентябрында дагы президенттин демилгеси менен Бишкек шаарында “Ислам азыркы светтик мамлекетте” аттуу I эл аралык конференция уюштурулганын кошумчалады.

"I конференцияда исламдын азыркы светтик мамлекеттердеги ролу жана орду, диний чөйрөдөгү процесстерди жөнгө салуу жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташууну бекемдөө жөнүндө суроолор талкууланган. Конференциянын жыйынтыгында “Азыркы светтик мамлекеттерде исламдын ролу жөнүндө Бишкек декларациясы” кабыл алынган. Аталган декларация мамлекеттер аралык диалогго жана өз ара аракеттенүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга жардам берүүгө арналган", - дейт Эргешов.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.11.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Динге берилип кереги жок. 80% мусулман деген шылтоо менен арабтардын жалган динин таратып жатасынар. А бирок элдин 80% баары эле ислам фанаттарына кирбейт. Эмне учун ошону эске албайсынар. Бизде 70 000 ашык мугалим иштейт. Мугалимдер динди эмес, билимди жактаган адамдар. Жана башка врачтар, чыгарма, искуство адамдары, милиция, армия деген бар. Алардын баары эле намаз окуп арабча динге берилип жашашпайт. Бул жерде карапайым элге арабтардын эски каада салтын "дин" - деп алдап жатышат
Mirlan27011987 түзөттү 2018-11-15 12:14:16
15.11.2018. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууган даман ичин куйуп атат окшойт е, ошол сен 80%эл азыркы учурда 91%ти тузуп атат, алар оздорун мусулманбыз деп эсептешет экен, биздин динибиз Ислам деп эсептейт, сенин бул создорун бул карщы пикрлерин бир тыйынга жарабайт, аман эле бол Аллах хидаят берсин сага
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: