super.kg logo

Райондук сот ЖЭБдеги кырсыкка байланышкан ишти кароону улантууда

 

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштердин бирин кароо уланууда.

Учурда сот залына "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов алынып келди.

Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен козголгон кылмыш иштин негизинде айып тагылууда. Аталган кылмыш иш боюнча чогултулган материалдар 15 томго жакын.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
15.11.2018. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана Бишкек ЖЭБдеги чыр гана эмес, Тарых музейи, түндүк-түштүк альтернативдүү жолу, башка ички жолдордогу ызы-чуулар чыгып жатпайбы. Булардын баарына бир эле команданын тийешеси бар экенине көзүм жетип турат. Бир эле адам команданы берип, финансылык агымдардын көпчүлүгүн өзүнүн чөнтөгүнө уруп, жеп-ичкендеринин баары тастыкталат деп ойлойм. Ошондуктан азыр эле соттоп жибергиле дебестен, күнөөлүүлөрдүн баарын тапкыла деп айтсак туура болот
15.11.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор эми элдин байлыгын тоногон аткаминерлерге жазаны катуу бериш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: