Бишкекке Өзбекстандын парламентинин спикери келди
“Өзбекстандын мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов Бишкекке иш сапары менен келди". Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу тастыктады.
Маалыматка караганда, Исмоилов Бишкекте 1 күн болот.
"Бул иш сапар Кыргыз-Өзбек мамилесин жана эки өлкөнүн парламенттеринин алакасын жакшыртуу максатында уюштурулду. Былтыр Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков да Өзбекстанга ушундай иш сапар менен барган”, - деди ал.
Исмоилов аталган кызматта 2015-жылдан бери иштеп келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.