Бүгүн Бишкекте бокс боюнча Өлкө чемпиондугу старт алды






Бүгүн, 15-ноябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Өлкө чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Өлкө биринчилигинде эркектер жана кыз-келиндер арасында 15 медалдар топтому ойнотулууда. Эркектер 52ден 91 килограммга чейинки жана 91 килограммдан жогорку салмак ченинде күч сынашса, кыз-келиндер 49, 57, 64, 69 жана 75 килограммга чейинки салмак чендеринде беттешүүдө.
Чемпиондукта 97 мушкер катышууда, анын 89у эркек болсо, 7си кыз-келиндер.
15-16-ноябрда тандап алуу раунддары өтүп, 17-ноябрда жарым финал жана 18-ноябрда финалдык беттештер орун алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.