Кыш мезгили баштала элек. Бирок өлкөдө электр энергиясын бир нече сааттап өчүрүү башталды
SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” рубрикасына өлкөнүн ар түрдүү аймактарында жашаган окурмандар кар түшкөндөн тартып бир нече сааттап электр энергиясы өчүрүлүп жатканын билдирип жатышат.
"Эки күндөн бери эртең мененки саат 8:30дан кечки саат 18:00гө чейин электр энергиясын берүү токтотулат. Мурда мындай узак убакытка өчүрүлчү эмес. Оңдоо иштерин күн жылууда жүргүзсө болбойбу?" - деп суроо салат окурман. Аталган окурман Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө эл суукта кыйналып жатканын айткан.
"12-ноябрда күн бою жарык өчүрүлдү. Кечке маал саат 18:00 чамасында күйгүзүп, түнкүсүн саат 21:00 чамасында кайра өчүрүштү. Кайсы маалда кайра берилгенин байкабай калыптырбыз, бирок эртеси саат 8де дагы өчүрүштү. Мындан улам үйлөр суук, интернет дагы өчүп калат. Буга чейин деле маал-маалы менен өчүрүп жатышкан", - деп билдирди окурман. Ал мындай көрүнүш Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк, Мырзаке, Салам-Алик, Кызыл-Туу айылдарында орун алып жатканын билдирди.
Ал эми Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында электр энергиясынын кубаты өтө төмөн берилип жатканын дагы бир окурман билдирди. "Берилген жарыктын кубаты үй жылытмак турсун, чай кайнатып ичкенге жарабайт. Өнүккөн заманда караңгылыкта жашап келебиз", - деди.
Жана башка ушул сыяктуу арыздар башка аймактардан да келип жатат. Жаралган жагдай боюнча "Түндүк электр" ААКсы: "Быйылкы жылы профилактикалык өчүрүү пландалган эмес. Жер-жерлердеги электр энергиясынын берилбей жатышы аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам жаралган авариялардан болушу мүмкүн", - деп жооп кылды.
Парламентте жана өкмөттө күз-кыш мезгилине карата даярдык каралган учурда быйылкы жылы өлкөдө электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөй тургандыгы айтылган эле. Муну SUPER.KG порталынын “Элдик кабар” рубрикасына окурмандардан түшкөн билдирүүлөр жокко чыгарууда. Ал эми бүгүн болгону 15-ноябрь. Кыш мезгилинин башталышына дагы 2 апта бар. Кыш башталбай жатып, даярдык жетиштүү көрүлгөн жана электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт деп айтылганына карабай, өлкөнүн туш тараптагы аймактарынан байланышкан окурмандар жарыксыз жана жылуулуксуз калып жатканын айтышат.
кошулду





1 |