super.kg logo

Самара Каримова 1 күн жетектеген музыкалык окуу жайдын кызматкерлерине октябрь айынан бери эмгек акы бериле элек

 

Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын кызматкерлери октябрь айындагы эмгек акысын алыша элек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган окуу жайдын мугалими Гүлжамал Ташматова билдирди.

Анын айтымында, жетекчилик тарабынан "эмгек акылары жакын арада төлөнүп берилет" деген убада берилген.

"Октябрь айы үчүн эмгек акы ала элегибиз чындык. Буга окуу жайдын директору дайындалбай келгени себеп болгон. Бирок жакында эле жетекчиликтен "директордун милдетин аткаруучуга кызматкерлердин айлыгын төлөп берүүгө укук берилди. 1-2 күндө эмгек акыңар төлөнүп берилет" деп айтышты. Кызматкерлер муну түшүнүү менен кабыл алдык. Эч кандай нааразычылыгыбыз жок", - деди Гүлжамал Ташматова.

Ал эми музыкалык окуу жайдын атын атагысы келбеген студенти май айынан бери стипендия ала элек экенин билдирди.

"Бир тайпадан 2-3 студентке ай сайын 700 сомдон стипендия берилет. Бирок май айынан бери ала элекпиз. Стипендияны банк аркылуу алмай болгонбуз. Керектүү документтерди топтоп банкка тапшырганбыз. Бирок качан берилери белгисиз. Эмнеге кечиктирилип жатканы тууралуу түшүндүрүү иштерин эч ким жүргүзгөн жок", - деди окуу жайдын студенти.

Белгилей кетсек, Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга өткөн айдын аягында ырчы Самара Каримова директор болуп дайындалган. Ырчы окуу жайда 1 күн жетекчилик кызматты аркалагандан кийин Маданият министри Азамат Жамангулов Самара Каримова директорлук кызматка дайындоо тууралуу буйрукту жокко чыгарган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
15.11.2018. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыйратып жаңылык таап чыгыпсыңар. Көп болсо бир жума кечигиптир да айлык акы. А канчалаган маселелер айлап жылдап чечилбей кечигип келе жатат. Тообо
15.11.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Mavlyuda, ноябрдын жарымы болду го, мугалимдер ачка калышсынбы?! Кээде айлык күтүп айдын аягын күтүп каласын, карызга батып..
15.11.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Mavlyuda, Кээ бир кишилер ошол айлыкты кутуп жашашат да. Айлык албаса ачка калсынбы? Сен озун мугалим болуп иштеп корсон ошондо тушуносун!
16.11.2018. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mavlyuda,Бул Самаш менен А[moderated]синин эле кезектеги оюну экени билинип турат.
15.11.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Самаранын колунан айлык алгынар келип жатабы, Самаранын фанаттары.
15.11.2018. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Эми ушуну жөн эле Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын десе болот го,
Сөзсүз эле самараны кошуп кетпей, акыркы күндөрү үтүктү сайсаң дагы самара дей турган болуп калды го
15.11.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Respect., мен да ошону жазайын деп аттым эле. С.Каримова дайындалып кайра алынганын да кошуп жаза бергенин. Кайсы мекеме экенин аталышын эле жазгыла да
15.11.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ииии иййй стипендия алган кундорум чиркин)))кечиксе бизда чый-пыйыбыз чыгып кетчу да))))

Т.б: С.Каримованардын эмне тиешеси бар ошондо?же "мен берем айлыктарын"-дептирби?!
15.11.2018. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз августун айлыгын эми алдыкго,электр тармагындагылар
16.11.2018. 08:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Самараны кошпой эле музыкалык окуу жай десе болбойбу)))) 10 жыл бою жетектеп жургонсуп 1 кун жетектеген деп )))
16.11.2018. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Самаранын мектеби десенер болмок анча болду..Дуйшондун мектеби дегендей...Ниязалы Борошев..атындагы окуу жайдын аты бар экен го...
16.11.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самара бир күн жетектеген окуу жайдын мугалиидери октябрь айынан бери айлык ала элек. Дальше эмне дегиңер келди... Самараны ошол орунга калтырганда эмдигиче берилмек дегениби... Октябрь айынан бери бериле элек дебей, 10-15 күнгө кечигип атат десе болбойбу...
16.11.2018. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жакшы Самара иштеп турган кезде айлык оз убагында берилет болчу деп жазбапсынар
16.11.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
boston___,Ошол эле максатта козголгон маселе.Болбосо КРда мындан олуттуу которуло турган маселе куруп калды беле.
16.11.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Соз торкуну Самашка кеткен го.Башчы боло албай калганынын очун алгысы келип окуу жайдын чукулап атат десе тан калбайм.Себеби Самаш учун экинчи ирет "чон жоготуу"болду.Сулайман тоодон калган очун да ушудан чыгарып алсыр эми
16.11.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комменттер жарат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: