super.kg logo
  Саясат  

"ШАШЫЛЫШ! ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛООГО НЕГИЗ ПАЙДА БОЛДУ..." - укук коргоочу Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы үгүт кампаниясында сарпталган каражаттар делинген эсептерди жарыялады

 

Юрист Нурбек Токтакунов интернеттеги социалдык баракчасына Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясындагы каражаттары делинген маалымат тууралуу пост жарыялады. Ал билдирүүсүнө шайлоо алдындагы талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабынын кассасы делинген эсепти да тиркеген.

"Шашылыш! Сооронбай Жээнбековдун үгүт кампаниясынын каржысы жөнүндө. Президентке импичмент жарыялоого негиз пайда болду. Сооронбай Жээнбековдун президенттикке талапкер болуп тургандагы штабынын кассасы боюнча маалымат мага ошол штабга тиешеси бар, Жээнбековдон дагы, Атамбаевден дагы көңүлү калган адам аркылуу жетти. Биринчи жолу биз шайлоо процессиндеги каржы "ашканасын" көрө алабыз. Кайсы бир деңгээлде бул файл шайлоодогу уурулук боюнча инструкция боло алат.

Расмий маалыматтар боюнча Жээнбековдун үгүт кампаниясына 158 миллион 96 миң 175 сом сарпталган. Чындыгында, 1 миллиард 170 миллион 187 сом жана 6 миллион 855 миң 700 АКШ доллар сарпталганын документтен көрүүгө болот. "СШ чз И.С" дегенди "Сооронбай Шарипович через Икрамжана Саттаровича" деп чечмелөөгө болот. Баса, дээрлик баары кайсы бир "С.Ш. И.С.дан" деп жазылган, аны Сооронбай Шарипович Икрамжан Сатарович аркылуу деп чечмелөө кыйын эмес. Икрамжан Илмиянов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы экени белгилүү, ал президент болуп турганда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун үгүт кампаниясын каржылап турган. Ошол учурда Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков жакын дос болуп, жеңиш үчүн бирге күрөшкөн", - деп жазат Нурбек Токтакунов.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева SUPER.KG порталына: "Бул жалган маалымат экени көрүнүп турат, мөөрү жок, эч ким кол койгон эмес. Фейк маалымат боюнча комментарий бербейбиз. Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча маалыматтардын баары өз убагында расмий жарыяланып, БШКга берилген", - деп билдирди.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: