super.kg logo

ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу айыпталып жаткандардан 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүү талап кылынды

 

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Бишкек ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу козголгон кылмыш иштердин бирин кароо улантылды.

Отурумдун жүрүшүндө "Бишкек жылуулук" менен "Электр станциялары" ишканасы энергетика тармагындагы ишканалардын мурунку жетекчилери Айбек Калиев, Бердибек Боркоев, Узак Кыдырбаев, Темирлан Бримкулов, Нурлан Өмүркул уулу, Нургазы Курманбеков жана Нурлан Садыковдон ЖЭБдеги кырсыкка байланыштуу 89 миллион сомдон ашык акча өндүрүп берүүнү талап кылды.

Сотто аталган эки ишкананын өкүлдөрүнө сөз берилип, алар кырсыктан "Электр станциялары" 8 миллион 800 миң, "Бишкек жылуулук" ишканасы 81 миллион сомдой зыянга учураганын айтышты. Бирок алар айыпталып жаткандардын жактоочуларынын суроолоруна так жооп бере алышкан жок.

Ишти карап жаткан судья Эмилбек Кайыпов соттук отурумду 20-ноябрга жылдырып, аталган эки ишканын өкүлдөрүн даярданып келүүнү өтүндү.

Ал эми соттун жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу жогоруда аты аталгандардын айыбын расмий угузуп, алар Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (коммерциялык уюмдарда иштегендердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышы) менен козголгон кылмыш иштин негизинде айыпталып жатканын айтты.

Козголгон кылмыш иштин негизинде "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, “Электр станцияларынын” мурдагы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов УКМКнын тергөө абагында отурса, калган үчөө үй камагында.

Ушул жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Андан кийин ЖЭБди жаңылоого Кытайдан алынган 386 миллион доллар насыя туура эмес пайдаланганы ачыкка чыгып, 4 кылмыш иши козголгон. Анын негизинде энергетика тармагындагы ишканалардын жетекчилеринен тышкары мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
15.11.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 мин 200 миң доллар? Калганы кайда?
15.11.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 млн
15.11.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Түшүнбөдүм . Каяктагы 89млн сом ? Бул 1.2млн$ эле болот. Калганы каякта ? 400млн$ сарпталган эле. Орточо эсеп менен алганда 800 сомдук кычкач набор 600$ сом менен 42000 сом. Жакшылап изилдегениңер ушул болсо, аман эле болушсун.
15.11.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 кундук зыянды гана сурашканго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: