super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Шаардык мэрия: "Ош шаардык транспорт каттоо мекемесине электр жарыгы өчүрүлөрү эскертилген, жарандар зыян тартканы боюнча далил келтиришсин"

 

"ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Ош шаарынын тургуну шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана транспорт каттоо бөлүмүндө эки күндөн бери элди тейлөө тийиштүү шартта аткарылбай жаткандыгын айткан.

"Эл унааларын каттоодон өткөрө албай, узун кезекке туруп жатышат. Мекемеде электр энергиясы берилбей жаткандыктан кызматкерлердин жумушу үзгүлтүккө учурап жатат деп түшүндүрүштү. Ушундай мамлекеттик мекемеде кантип күйүүчү май менен иштей турган электр чордону жок? Унаабызды каттатып алып ишибизди улантышыбыз керек. Орусияга билеттерин алып коюп унаасын каттата албай, билети "күйүп" кеткен жарандар да бар.Такси кызматын көрсөткөндөр да ишинен калып жатат", - деп билдирген окурман.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери Азамат Абсатаровго кайрылганыбызда, ал SUPER.KG`ге төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Шаарда оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу электр энергиясы убактылуу токтотулуп жатканы чындык. Мындай пландык иштер алдын ала айтылып жатат. Эгер жарандардын мамлекеттик мекемелердин кызматынан зыян тарткандыгы тууралуу далилдүү фактылары болсо, бизге кайрылса болот. Мэрия тарабынан сөзсүз түрдө чара көрүлөт", - деди Абсатаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.11.2018. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайра беттен аласынарго догурунуп далил келтирсин деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: