super.kg logo
  Саясат  

Депутат Тазабек Икрамов: "Автоунаалар өлкөгө кирип жатканда күйүүчү майдын зыяндуулугун азайтуучу жабдыкты алып салышууда"

 

Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылы Бишкектин абасынын булганганына байланыштуу маалыматтарды интернетке жарыялады. Андан Бишкектин айрым жерлеринин абасы нормадан 20 эсе булганганын байкоого болот. Буга чейин да борбор калаанын абасында уулуу заттар көбөйгөнү айтылып, ага 70 пайыз автоунаалардан чыккан түтүн себепчи экени белгилүү болгон. Андан сырткары мындай булганууга Бишкек жылуулук электр борборунун да тиешеси бар экени айтылган.

SUPER.KG порталынын "Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганыч экени айтылууда. Бул көйгөйдү ким жана кантип чечиши керек?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жооп берди.

Ал Кыргыз өкмөтү экология үчүн тийиштүү иштерди жасабай жатканын айтты.

“Мен да абанын булганганы боюнча өкмөткө тапшырма берген элем. Бирок жооп келген жок. Билинбегени менен автоунаанын түтүнү абаны булгап жатат. Автоунааларда катализатор деген жабдык болот. Ошол күйүүчү майдын зыяндуулугун азайтып турат. Бизге кирип жаткан автоунаалардан ошол нерсени алып коюшууда. Европада катализатор жок болсо, автоунаанын да баасынан жогору көлөмдө айып салынат. Биз да катализаторду текшерүүгө алышыбыз керек. Башка мамлекеттер экология үчүн күрөшүп жатат. Бизде болсо эч кандай чара жок. Техникалык көзөмөл да керек. Эски автоунаалар кырсыкка көп кабылып жатат. Абаны тазалоого Бишкек мэриясы түздөн-түз буйрук чыгарып, тийиштүү мекемелер ишке ашырып, жол коопсуздугун караган орган көзөмөлгө алышы керек. Ошондо тартипке салынмак”, - деди Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов, эколог Бактыгүл Стакеева, экология тармагындагы эксперт Азамат Темиркулов, жарандык активист Мураталы Үчкемпировдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: