super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Мураталы Үчкемпиров: "Нормадан ашыкча уулуу зат чыгарып жаткан ар бир автоунаа көбүрөөк салык төлөшү керек"

 

Кыргыз жериндеги "МувГрин" жаштар кыймылы Бишкектин абасынын булганганына байланыштуу маалыматтарды интернетке жарыялады. Андан Бишкектин айрым жерлеринин абасы нормадан 20 эсе булганганын байкоого болот. Буга чейин да борбор калаанын абасында уулуу заттар көбөйгөнү айтылып, ага 70 пайыз автоунаалардан чыккан түтүн себепчи экени белгилүү болгон. Андан сырткары мындай булганууга Бишкек жылуулук электр борборунун да тиешеси бар экени айтылган.

SUPER.KG порталынын "Бишкектин абасы нормадан 20 эсе көп булганыч экени айтылууда. Бул көйгөйдү ким жана кантип чечиши керек?" деген соболуна жарандык активист Мураталы Үчкемпиров жооп берди.

Ал Бишкектин абасын тазартуу үчүн жарандардын да жоопкерчилигин жогорулатуу зарылдыгын билдирди.

“Абанын булганышына автоунаалардын көбөйгөнү, жылуулук станцияларынын көмүр менен иштеши себеп болду. Ар бир айдоочу автоунаасынын күйүүчү майды таза жана толук иштетишин көзөмөлдөп турушу керек. Мамлекет жарандарга электр энергиясын күн нурунан, шамалдан, кичи ГЭСтерден алуусуна шарт түзүп, жылуулук системине да пайдаланышы зарыл. Кичи автобустардан, чоң жүк ташуучу унаалардан көп зыяндуу түтүндөр чыгып жатат. Экологиялык көзөмөлдү күчөйтпөсөк болбой калды. Нормадан ашыкча уулуу зат бөлүп чыгарып жаткан ар бир автоунаа көбүрөөк салык төлөшү керек. Өнүккөн өлкөлөрдө электромобилдер, гибриддик системдер колдонулуп, поезддери көмүр менен эмес, электр энергиясы менен иштей баштады. Ошондуктан мегаполистердин абасы Бишкектикине салыштырмалуу таза”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов, эколог Бактыгүл Стакеева, экология тармагындагы эксперт Азамат Темиркуловдун пикири бул шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: