super.kg logo

Бишкекте троллейбустун зымын өткөргөн мамыны сүзгөн жүк ташуучу унааны эвакуатор жылдыра албай койду

 

Кечээ, 15-ноябрда Бишкектеги Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилишинде "Транс Групп" компаниясына тиешелүү болгон таштанды ташуучу унаа троллейбустун зымдарын өткөргөн мамыны сүзүп алган.

Аталган окуя боюнча, шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы кырсыктан жабыркагандар жок экенин айтып, таштанды ташуучу унаа айып аянтчасына токтотулганын билдирген.

Күбөлөрдүн бири SUPER.KG`ге билдиргендей, аталган унаа айып аянтчасына токтотулган эмес.

Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгына кайрылганыбызда, алар төмөндөгүдөй жооп беришти.

"Троллейбус чубалгысын өткөргөн мамыны сүзгөн жүк ташуучу унааны биздин эвакуаторлор жылдыра албай коюшту. Буга байланыштуу ал унаа тиешелүү болгон "Транс Групп" компаниясы өздөрү алып кетмей болушкан. Аталган компания келтирилген чыгымдардын баарын төлөйт, мындан сырткары административдик айып салынат", - деп билдирди басма сөз катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
16.11.2018. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эвакуатор жылдыра албай койду деп туруп айып аянтчасына токтотулду деп. Кандай болуп калды ошондо, айып аянтчасын алып келдиби дтп болгон жерге???
16.11.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sagynbek.apyshev,машинанын документин алып барып койсо керек да айып аянтчага.
16.11.2018. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алып кетелек жатып кармадык деп жалган айткан экен да
16.11.2018. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Донгологу жакшы болсо суйроп баргыла
16.11.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ эртен менен отуп баратып коргом."Сол жагы талкаланыптыр , айдоочусу кандай абалда болду экен"-деп ойлоп койдум эле
16.11.2018. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
суук айазга карабай жумушка чыккан тазалыктын кызматкерлерине рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: