super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Ош базарында" эки жолу өрт чыкканда Ленин районунун акими "моралдык укугум жок" деп кызматтан кетиши керек эле"

 

"Ош базарында" эки жолу өрт чыкканда Ленин районунун акими "моралдык укугум жок" деп кызматтан кетиши керек эле", - деп бүгүн, 16-ноябрда КСДП фракциясынын жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова билдирди.

Ал "Ош базардын" тегерегиндеги жолдор боюнча акыркы бир жуманын ичинде арыздар көбөйүп кеткенин айтты. "Мен бул маселени буга чейин эле көтөрүп келгем. Ленин районунун акими "Ош базары" эки жолу өрттөнгөндө моралдык укугум жок деп кызматтан кетип калышы керек эле. Ордунда тырмышып отурат. Базардын тегерегинде соода менен алектенгендер боюнча иш алып барылбай, иретке келтирилбей жатат. Мындан улам тыгындар пайда болду", - деди Мусабекова.

Депутат бул боюнча Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовго кат жүзүндө жооп берүүнү сунуштады.

Ленин районунун администрациясынын жетекчиси болуп Нурдин Тынаев эмгектенип келет.

Учурда жыйында республикадагы жолдор тууралуу маселе каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: