super.kg logo

MegaCom: "Балдар кайда?" кызматы балдарыңызды көзөмөлдөөнүн заманбап жолу

 

Жаңы байланыш технологияларынын, заманбап смартфондордун жардамы менен балдарыңызды көзөмөлдөө оңой. Ата-энелер балдарынын кайсы жерде жүргөнүн аралыктан көз карандысыз биле алышат.

MegaCom ата-энелерге бул ыңгайлуу кызматтан колдонууну сунуштайт. Баланын телефон номурун көрсөтүү менен *089*055Ахххххх# же *089*0755хххххх# кошуу буйрууларын териңиз. Бала номуруна келген сурамга жооп катары «1» тексти менен SMS жөнөтүүсү зарыл. Андан кийин 089*055Ахххххх# же *089*0755хххххх# буйрууларын терүү менен, каалаган учурда балаңыздын жүргөн жеринен кабар алып турасыз. Балаңыздын жүргөн жери тууралуу маалыматты жана интернет-картанын шилтемесин камтыган SMS-билдирүү келет. Интернет-картаны ачууда интернет-трафик акысыз. Мындай маалымат жашыруун жана баланын ата-энесине гана жеткиликтүү.

"Балдар кайда?" кызматынын негизги артыкчылыгы − бул SOS баскычы. Билдирүүнү шашылыш жөнөтүү үчүн *91# буйруусун ыкчам терүү үчүн жазып коюуга болот. Бул учурда баланын жүргөн жери тууралуу маалыматты камтыган SMS бардык кошулган ата-энелерге келет. Айына эки шашылыш билдирүүнү акысыз жөнөтүүгө болот.

Кызмат ай сайын алынуучу төлөмдөрдү талап кылбагандыктан кызматтан өзүңүз каалаган учурда колдоно аласыз.

Кошумча маалымат компаниянын сайты жана *89 чалуу буйруусу аркылуу жеткиликтүү, MegaCom абоненттери үчүн чалуу акысыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.11.2018. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энеси башеа олкодо баласы КРда болсочу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: