super.kg logo
  Саясат  

Свердлов райондук сотунун экс-төрайымы Элвира Жаркеевага коррупция боюнча да кылмыш иши козголду

 

Башкы прокуратура тарабынан Свердлов райондук сотунун экс-төрайымы Элвира Жаркеевага коррупция боюнча иш козголду. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, судья кылмыштуу топ менен алдын ала сүйлөшүп, ишканалардын бирине ээлик кылууда алардын кызыкчылыгы үчүн бир катар мыйзамсыз өкүм чыгарып берген. 2016-жылы Элвира Жаркеева мыйзам талаптарын бузуу менен ишкананын 100 пайыз акцияларын өткөрүү тууралуу келишимди жокко чыгаруу жана Юстиция министрлигинде кайра каттоодон өткөрүү боюнча ишти караган. Ал арызды райондор аралык сот карашы керек эле.

Ишкананын мүлкүн толук өткөрүп алуу жана мыйзамсыз ээлик кылып алуу фактысын легалдаштыруу максатында 20 миллион 500 миң сомду карызга алып 5 күндүн ичинде кайтарып бере турган келишим түзүлгөн. Келишим түзүлгөндөн кийин насыя алган тарап Свердлов райондук сотуна кайрылып, мүлккө 100 пайыз ээлик кылуу үчүн арыз жазган. 2016-жылы Элвира Жаркеева анын арызын канааттандырып берген. Буга байланыштуу ага карата "коррупция", "пара алуу" "пара алууга ортомчу болуу", "пара берүү" беренелери менен кылмыш иши козголду.

Эске салсак, буга чейин жогоруда аталган судьяга "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу" беренелери боюнча иш козголгон.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: