super.kg logo

"Бишкектеги унаа тыгындары качан жоюлат?" Мэрия жооп берди

 

"Бишкекте шаар тургундары унаа тыгындарынын кесепетинен бара турган жерине кечигип калууда. Мурда тыгын маал-маалы менен гана болчу, азыр кайсы учурда чыксаңда тыгынга кабыласың" деген пикирин бүгүн, 16-ноябрда "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Нурбек Тотонов билдирди.

Ал "Бишкек шаарындагы жол тыгындарынын чечүү жолдору барбы?" деген суроо менен мэрияга кайрылды.

Бишкектин вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев мэрияда жол тыгындары боюнча маселелер каралып, аны чечүүнүн жолдорун издеп жатышканын айтты. "Учурда унаа тыгындары боюнча иштер жүрүп жатат. Күн сууктап, жолдор тайгак болгондугунан да унаа тыгындары пайда болууда", - деди Дүйшөмбиев.

Депутат Нурбек Тотонов унаа тыгындарынын азайышы үчүн кээ бир көчөлөрдү бир тараптуу кылуу сунушун киргизди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.11.2018. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Метро курганга аракет кылуубуз керек
16.11.2018. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Трамвай жолдорун Бишкеке курса болот
16.11.2018. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zahid, кайдагыны айтпачы жолдор и так эле таар.метро казгандан башка вариант жок!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: