super.kg logo

О! түйүнүндө жаңы – 508 жана 509 коддору менен өз номериңди алып кетүүгө жетиш!

 

Бүгүнтөн тартып О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен миңдеген комбинациялардан турган бардык табиттерге шайкеш келе турган жаңы «508», «509» коддору менен номерлерди тандап алса болот!

Эгер сиз номериңиздин дал өзүндөй копиясын алууну кааласаңыз, «Кош келиңиздер» кызматынан пайдаланыңыз. Жөн гана 0 500 000 500 номерине чалыңыз, сиздин номериңиздин копиясы бош экенин билиңиз да, каалаган О! сатуу кеңселеринин бирине же O!Store дүкөнүнө келиңиз. Окшош номерлерди алып жүрүү бири-бирине ашык жуптарга же ар бир номерди өзүнчө жаттабаш үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнө гана ыңгайлуу болбостон, кардарларынын ыңгайлуулугу үчүн бирдей байланыш номерлерди колдонгон бизнеске да абдан керек.

О! Мобилдик оператору декабрь айын күтпөстөн, азыртадан эле жаңы жылдык маанайды түзүүгө жардам берүүнү чечти. Кыска мөөнөттүү акция учурунда «Кош келиңиздер!» жана «Менин жаңы номерим» сервистеринин алкагында премиум категориясындагы номерлерди 70 пайызга чейинки арзандатуу менен сатып алса болот!

Мисалы, «Кош келиңиздер!» кызматынын алкагында VIP категориясындагы 0509 99 00 00 номерлеринин баасы арзандатуу менен 3000 сом болот, Gold категориясындагы 0508 000 188 номерлеринин баасы – болгону 900 сомду, ал эми Silver категориясындагы 0508 38 38 88 номерлеринин баасы болгону 105 сомду түзөт!

Бул акция дагы бир жолу О!ну тандоонун мыкты мүмкүнчүлүгү болуп саналат, мобилдик рыноктун драйвери жана Кыргызстандагы 4G сыйымдуулугунун лидеринин түйүнүнө жеңил кошулууга шарт түзөт.

Атайын сунуштун мөөнөтү чектелген: 2018-жылдын 15-ноябрынан 31-декабрга чейин.

Сиз номерлердин эң кооз жана сейрек комбинацияларын онлайн-аукциондун vipnomer.o.kg сайтынан таба аласыз.

Номериңизди алгачкылардан болуп алып кетиңиз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: