Орусияда үйүнө сапатсыз ремонт жасаганы үчүн күйөөсүн өлтүргөн аял соттолду
Орусияда сапатсыз ремонт жасаганы үчүн күйөөсүн өлтүргөн аял соттолду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Ямало-Нанецк автономдук округунун Лабытнанги шаарында болгон. Спирт ичимдиктерин ичип отурган жубайлардын ортосунда чыр чыккан. Анда аялы үйдүн ичине күйөөсү жасаган оңдоп-түзөө иштерине нааразы экенин билдирип, ал ишти сапатсыз жасаганын айткан. Мындан улам чыр чыгып аялы күйөөсүн ашкана бычагы менен сайып салган.
Окуя болгон соң кылмышкер полиция жана "Тез жардам" кызматын чакырган, бирок күйөөсү өзүнө келбей көз жумган. Соттук отурум учурунда аял жасаган кылмышын моюнуна алган. Сот аялды 15 жылга эркинен ажыраткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.