super.kg logo

Сериалдын фанатысызбы? Учурда кайсы корей жана түрк сериалы хит болуп жатканын айтып беребиз

 

Урматтуу сериал сүйүүчүлөр, мындан ары сиздерге хит болуп жаткан сериалдар тууралуу айтып берип турабыз. Ошондой эле жакын арада көрсөтүлө турган сериалдар жөнүндө маалыматты да бөлүшөбүз.

Сүйүүдөн күйүүнү баяндаган “Үчүнчү сүйкүм”

Жактыруу, таарынуу, табышуу, урушуу, биригүү, ажырашуу... Кыз-жигит мамилесинде мындай көрүнүш кадыресе көрүнүштөй туюлат. Дал ушундай сезимдерди “Үчүнчү сүйкүм” (“The third charm”) аттуу романтикалык комедия ачып берет. Анда 12 жылга созулган баш каармандардын аруу махабаты баяндалат. Жеке жашоосунда да, жумушунда да тартипти сүйгөн жигит менен махабатка кадам таштап алып, кийин ойлонгон бийкечти бир караганда түгөй болуп кетери күмөн жаратат. Бирок экөөнүн мүнөзүндөгү карама-каршылыктар аларды бири-бирине магниттей тартып турат.

Баш каармандардын ролун белгилүү корей актёру Со Каң Жун менен корей актрисасы Эсом аткарган. 25 жаштагы Со Каң Жун буга чейин тартылган “Капкандагы сыр” сериалы аркылуу таанымал. Ал эми 28 жаштагы Эсом “Ак рождество” сериалы менен атактуу болуп чыга келип, 2017-жылы чыккан “Бул жашоо биз үчүн биринчи” деген сериалындагы ролу да мактоого арзыган. 16 бөлүктөн турган “Үчүнчү сүйкүм” Түштүк Кореяда ушул аптанын соңунда жыйынтыкталат.

“Убакыт токтоп калганда” сериалынын баш каарманы убакытты токтотот

Аталган сериалда баш каармандыкты белгилүү актёр Ким Хён Жуң алган. Ал узак жана жалгыз өмүр сүргөн, жашы белгисиз жана сырдуу адамдын образын чагылдырат. “Убакыт токтоп калганда” (“When time stopped”) сериалында баш каармандын жашоосу бир аял менен жолугушуусунан кийин орун алган өзгөрүүлөр менен көрөрманды өзүнө тартат. Баш каармандагы аялдын ролун актриса Ан Жи Хён аткарган.

Ким Хён Жуң “Мыкты жигиттер” сериалындагы ролу аркылуу бүтүндөй дүйнөгө таанылганы маалым. Аталган сериал анын акыркы 4 жылдагы биринчи долбоору болуп саналат. 16 бөлүктөн турган “Убакыт токтоп калганда” сериалынын тең жарымы эфирден кетти, учурда көрөрмандар калганын чыдамсыздык менен күтүп көрүшүүдө.

Жылдын саргара күткөн сериалы – “Бойфренд”

Корей сериалынын сүйүүчүлөрү азыркы тапта 28-ноябрды аңдып отурган кези. Себеби ушул күнү белгилүү актриса Соң Хе Кйо менен белгилүү актёр Пак Бо Гом тартылган “Бойфренд” сериалы көрсөтүлүп баштайт. Сериалда саясатчынын кызы бай адамга турмушка чыгууга мажбур болуп, кийин ажырашып, андан ары жашоонун ар бир ирмеминен ырахат алып жашаган катардагы жигитке жолугуп калуусу тууралуу болот.

Соң Хе Кйо акыркы ирет 2016-жылы “Күндүн мураскерлери” сериалына тартылып, өткөн жылы анда чогуу ойногон актёр Сон Чжун Киге турмушка чыккан. Ал эми Пак Бо Гом “1988ге кайтуу” жана “Ай нурундагы махабат” сериалдары аркылуу таанымал.

Келин менен кайнененин тирешин чагылдырган “Стамбулдук келин” сериалы
“Стамбулдук келин” мелодрамасы 2017-жылы экранга чыккан. Сериал ата-энесинен эрте ажыраган Сүрейя аттуу бийкечтин тагдырын баяндайт. Кичинесинен жетим калган Сүрейяны тарбиялоону таежеси колго алат. Сүрея консерваторияны аяктагандан кийин жашоосун музыкага арноону чечет. Күндөрдүн биринде башкы каарман бай, харизмасы күчтүү Фарук аттуу мырза менен таанышат. Таанышкан күндөн тарта Сүреянын жашоосунда көптөгөн бурулуштар орун алат. Ал эми Фаруктун үй-бүлөсү Бурса шаарындагы беделдүү, аттуу-баштуу үй-бүлө болгондуктан, карапайым бүлөнүн кызын келин кылып алуудан баш тартат. Бирок кыз менен жигит каршылыктарга карабай баш кошуп алат. Уулу сөзүн укпаганы үчүн Фаруктун апасы Сүреяга катуу кайнене экенин билдирип, тузак уюштурат. Сериал андан ары өнүгүп, кайнене менен келин бири-бирин жеңгенге аракет кылат...

Сериалда Өзжан Дениз, Аслы Энвер, Ипек Билгин, Салих Бадемчи, Дилара Аксүек, Гүвен Мурат Акпынар, Беркай Хардал, Неслихан Йелдан жана башкалар роль жараткан.

Өмүрү менен эрте кош айтышуу “Кызым” сериалында

“Кызым” сериалы 2018-жылы экрандардан көрсөтүлө баштаган. Сериалда атанын ролун Бугра Гүлсой жараткан. Ал жубайы менен ажырашып, кызын жалгыз тарбиялайт. Ал эми кызынын ролун Берен Гөкйылдыз (тасмада Өйкү) жараткан. Атасын этектеген Өйкү бир күнү аны тааныбай калат. Эсин жоготуп, буга чейин эмне болгонун эстей албайт. Медициналык кароодон кийин Өйкү Альцгеймер оорусунан жабыркап, ал илдети өрчүп кеткени аныкталат. Кызынын ден соолугу үчүн күрөшкөн атанын кайгысы көздөрүнөн көрүнүп турат. Өйкү өзүнүн дарылануусуна көп жардам берген Зейнеп аттуу айымды атасы менен тааныштырат. Анткени атасынын кайгыга батып жүргөнү Өйкүгө жагымдуу болгон эмес.
Ал эми Зейнептин ролунда Лейла Лидия Тугутлу болгон.

Сиз үчүн даярдалган материал кызыктуу болдубу? Учурда сиз кандай сериал көрүп жатасыз? Ой-пикирлериңизди комментарийде бөлүшүңүз.

кошулду





Сериалдын фанатысызбы? Хит болуп жаткан корей жана түрк сериалдарын айтып беребиз

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(15)
16.11.2018. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо сүртүмдөрү боюнча дагы
17.11.2018. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ранняя пташканы кошуп койбойсунарбы)
17.11.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KOCMOC,мен да ушул сериалды коруп жатамын аябай кызык сериял
17.11.2018. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулпери деген сонун сериал коруп атам мен турецкий.
17.11.2018. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызымдагы кичинекей кыз мага жагат соонун актриса
17.11.2018. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулпери эн сонун сериал экен,жаны чыгыптыр
17.11.2018. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да убагында кореецкий сериалдарды уктабай көрдүм элем. Анан тажадым. Азыр сериал көрөйүн деген ниет жок.
Турецкий сериалдарга да кызыккан жокмун, көңүл калган окшойт. Эми кызыгып калам турецкий сериал кызыктуубу, же кореецкий жакшы тартылды болду бекен деп
17.11.2018. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Не плачь мама"жонундо да маалымат бере кетпейсинерби?
17.11.2018. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Станбулдук келинди көрүп жатам
17.11.2018. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз Чукур, Акшоола, Эр журок жана сулуу сериалдарын коруп жатабыз.
17.11.2018. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гульпери эн соонун сериал
18.11.2018. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чукур
18.11.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizim hikaye.Erkenci kuş,elimi bırakma, kızım,sen anlat karadeniz,fazilet hanım ve kızları көп эле жакшы сериалдар болуп жатат интернеттен
Farm94 түзөттү 2018-11-18 18:08:07
18.11.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мектепте оқып жүргөн кезде корей сериалдарын көрчұмүн азыр түрк сериалдарын көрөм
SUPER.KG видео
18.11.2018. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 Чукур,
2 невеста из Стамбула
3 маленькие приступление
4 не плачь мама
5обещание
6не отпускай мою руку,д
Жакшы сериалдар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: