super.kg logo

Каттоо кызматы Кулматовдун жарандыгы боюнча сотко берген арызын кайтарып алуунун себебин түшүндүрдү

 

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун ID жана жалпы жарандык паспортун жараксыз деп табуу боюнча райондук сотко берген арызын кайтарып алып, ишти кароо токтотулган. Бүгүн, 16-ноябрда SUPER.KG'ге Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти арызды кайтарып алуунун себебин түшүндүрүп берди.

Департаменттин юристи Тынчтыкбек Жакеев документ соттон кайтарылганы менен азырынча Кулматов ID жана жалпы жарандык паспортун мыйзамсыз алганы боюнча позиция өзгөртүлбөй турганын белгиледи.

"Кулматовдун паспорту боюнча доо арызды сотто кароодо көптөгөн суроолор жаралды. Ошондуктан кайра иштеп чыгуу жана кошумчалоо максатында артка кайтарып алдык. Кайра иштеп чыккандан кийин арыз беребизби же жокпу, азырынча бул маселе чечиле элек. Бирок азырынча Кулматов ID жана жалпы жарандык паспортун мыйзамсыз алган деген позициядабыз", - деди Жакеев.

Ал кошумчалагандай, соттон кайтарып алынган документтер азырынча департаментке келип түшө элек.

Учурда Кулматов УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ага 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айып тагылып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.11.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президенттик шайлоону шылтоолоп И. Илмиянов, Ф. Ниязовдор канча ишкерден канча миллион алышты эле?
Өткөн жылы болуп өткөн президенттик шайлоодо АШАнын тегерек-четинде жүргөн көптөгөн жан-жөкөрлөрү «Шайлоого керек» деген шылтоо менен ири ишкерлерден 200 миңден 500 миң долларга чейин акча алып алышкан экен. Андай жол менен чогултулган акчалардын жалпы суммасы 10 млн доллардан ашып түшөөрү да каңкууланууда.
Айрым маалыматтарга караганда мындай жол менен ири суммада акча чогулткан экс-
16.11.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулматовдун жүргөн жери жалаң чыр менен коштолуптур. Эми паспорту деги бул кишинин таза бир нерсеси бар болду бекен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: