super.kg logo

Оштогу Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын кызматкерлери айлык акыларын алышты

 

Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын кызматкерлери октябрь айындагы айлык акыларын алышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган окуу жайдын директорунун милдетин аткаруучу Райхан Самудинова билдирди.

Анын айтымында, айлык акыларынын кармалышына директордун милдетин аткаруучу расмий бекитиле электиги себеп болгон.

"Өзүңүздөр билгендей, биздин окуу жайдын директору өз арызы менен кызматын тапшырган. Андан бери башка директор дайындала электигине байланыштуу айлык акылары бериле элек болчу. Анткени директордун орун басары катары менде эмгек акыларын берүүгө укугум жок болчу. Кечээ, 15-ноябрь күнү Маданият министрлигинен мени директордун милдетин аткаруучу кылып дайындаган буйрук келди. Ал эми бүгүн бардык кызматкерлердин эсебине эмгек акылары которулду", - деди Райхан Самудинова.

Ал эми студенттердин бир нече айдан бери стипендия ала электиги тууралуу окуу жайдын башкы эсепчиси Айгүл Сагынова буларга токтолду.

"Студенттер апрель айынан бери стипендия ала элек экендиги чындык. Анткени стипендияны студенттердин колуна эмес, банктан эсеп ачтырып, ошол жакка которуу керектиги тууралуу буйрук келген. Банктан эсеп ачтыруу үчүн керектүү документтерди чогултуп баштаганыбыздан кийин директорубуз кетип калып токтоп калган. Азыр директордун милдетин аткаруучу расмий бекитилгенден кийин ал иштерди улантабыз. Эсебибизде акча бар. Студенттердин банктагы эсептери ачылары менен дароо которулат", - деди башкы эсепчи.

Белгилей кетсек, буга чейин Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайдын кызматкерлери октябрь айы үчүн эмгек акыларын, ал эми студенттер бир нече айдан бери стипендиясын ала элек экендиги айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: