super.kg logo

Астротөлгө: 19-ноябрь күнү төрөлгөн адамдар чыйрак болуп, ар бир ишти кылдаттык менен аткарышабы?

 

19-ноябрда төрөлгөндөрдүн мүнөзү кандай болорун билесизби? Алар кайраттуу, алдына койгон максатына жете билген, ар бир келген мүмкүнчүлүгүн коё бербей пайдалана билген адамдар болушат. Ошондой эле булар кээде өзүнө ишенимдүү түрдө өзүн өзү көтөрмөлөп турууга да жетишет. Бирок айрым учурларда өзүнүн текеберлик мүнөзүнөн зыян тартып калышат.

Бул күнү жарыкка келген адамдар жеке мамиледе сүйүктүүсүнөн сүйүү сезимин, берилүү менен мамиле кылуусун талап кылышат. Ошол эле учурда өзү да узак жана жылуу мамилени сактап калууга болгон аракетин жумшайт. Сүйүктүүм деп эсептеген адамына берилүү менен мамиле кылып, ишенимдүү өнөктөш болууну каалайт. Ошондой эле романтикага жакын болуп, өнөктөшүн күтүүсүз белектери менен кубантып турушат.

Булар кандай кесипти аркалап, кандай чөйрөдө иштебесин ийгиликке жете алышат. Табиятынан лидерлик сапатка ээ жана чыйрак болгондуктан бардык ишти аткаруудан баш тартпайт. Мындай сапаты менен алар карьерасын тез эле куруп кете алышат. Ошондой эле жакын адамдарына жардам берип, аларга дайыма колдоо көрсөтүп турушат. Ар бир ишке кылдат, жоопкерчиликтүү мамиле жасап ийгиликке жетүүнүн жолун жакшы билишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: