super.kg logo

Орусиялык жаран ага капчыгын кайтарып берүү үчүн 8 саат бою суукта күтүп турган такси айдаган Кыргыз жигити тууралуу жазып чыкты

 

Интернет колдонуучусу Варя Борцова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына таасирдүү окуя менен бөлүштү.

Варя Борцованын билдиргенине ылайык, ал чет элден Москва шаарына учуп келген. Үйүнө жетүү үчүн жолдон такси кармаган. Үйүнө кирип, бир аз уктап эс алган соң гана капчыгын таксиде унутуп калганын билген. Таксини көчөдөн кармагандыктан, ал кайсы такси кызматына тиешелүү экенин билбей калган. Капчыктын ичинде документтери, креддиттик карталар жана акчасы болгон.

Көп өтпөй терезеге жакын келген анын атасы үйдүн алдында бир такси турганын айткан. Борцова эшикке чыгып ал капчыгын унутуп калган таксист аны 8 сааттан бери таппай убара болуп жатканын билген. Аны менен сүйлөшүп ыраазычылыгын билдирген соң кыз ал Орусияда иштеп жүргөн Кыргыз жараны экенин угат.

Ошондой эле Борцова такси айдаган жигитке ыраазычылык катары акча бергенин кошумчалап, билдирүүнү жайлоонун сүрөтү менен толуктаган.

Ал эми Варя Борцованын өзү менен байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Ооба, мен жазган билдирүүнүн каарманы Кыргыз жигити болчу. Анын бул кадамы дүйнөдө жакшы адамдар көп экенине дагы бир далил. Ал мени суук аба ырайына карабай 8 саат бою күтүп турган экен. Албетте, азыркы заманда менин окуям башкаларга жомоктой туюлушу мүмкүн, бирок бул чындык. Ар бир адам колунан келген жакшылыкты жасай берсе, дүйнөдө тынчтык жана бейпилдик орун алат деп ишенем", - деп билдирди Борцова.

Мындан сырткары Борцова көп жыл мурун 1 күнгө иш сапары менен Бишкекке келип кеткенин жана башынан өткөн окуядан кийин дагы сөзсүз келип кетерин кошумчалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 23 
Комментарийлер(23)
16.11.2018. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+62
Азамат жакшы жагы менен үлгү болуптур.
16.11.2018. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+55
Биротоло суротун кошо киргизип койсо болмок. Мактоого арзый турган иш кылыптыр.
16.11.2018. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+53
Жагымдуу макала экен.Кыргыз элим жакшы жактарын гана корсото берсин.
16.11.2018. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Азамат, настоящий жигит
16.11.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+32
Азаматсың жакшылыгың миңдеп кайтсын
16.11.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+33
Кыргыздарда дагы жакшы адамдар коп экен деп калгандыр
16.11.2018. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Болот экенго жакшы жактан деле жанылыгыбыз))))
16.11.2018. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Азамат соз жок одни эмоции
16.11.2018. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Супер баланыда таап интервью алгыла,балким ал да ОЗУ сыймыктанып айтып береер.
16.11.2018. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Азамат жигит экен,Ким болсо да
16.11.2018. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Сыймык
16.11.2018. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Өзү акыркы күндөрү жаман жактарын коргозгондор көп болуп кетти эле Россияда, а бул сонун жаңылык
16.11.2018. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Азамат
17.11.2018. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ата энесине ырахмат ушундай тарбия берген
17.11.2018. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Азамат ыйманыңа береке! Башкалардын кылган жаман иштерин жакшы ишиң менен жабыптырсың. Келгиле ушундай жигиттерден үлгү албайлыбы.Мен да Москвадамын кыргыздар ынтымак жок бизде бул ачуу чындык. Мени кечиргиле! Жакшы жагыбызды көргөзөлү.
17.11.2018. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Башка сайттардан да алкыш айттык эле бул жака да жаза кетейин. Ото тартиптуу назары ток жигит экен да. Кудай жолун ачсын ылайым. Азыркы заманда мындай жигиттер жок го эсе
17.11.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элчилике билдириш керек, кичине сыйлап коюш керек, башкаларга улгу болот эле
17.11.2018. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Дээринде бар жигит экен, азамат. Ушундай жагымдуу жанылыктар коп болсо экен...
17.11.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат жигит экен. Кыргызды жакшы жагынан үлгү катары көрсөтүптүр.
17.11.2018. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жигит орус кызды жактырып калып алдынан арык чапкан окшойт ко чамасы. Болбосо сегиз саат кутпой эле сегиз секундта чонтоко салып коймок
18.11.2018. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат экен. Бул жасаган эрдиги кыргыздын,Кыргызстандын жузу жана сыймыгы!
18.11.2018. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Корбогондон кийин Ким ишенет, мин уккандан Коро биркоргон артык дейтго.
18.11.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарбиялуу жигит экен.Ата-энесинен кандай тарбияны алса ошол нерсени жогорку КААРМАНыбыздан корсок болот.Азамат!!! Ушундай жигиттерибиз бар болушсун!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: