super.kg logo

Бишкекте Кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат

 

Бишкекте бүгүн, 17-ноябрда кыргыз киносунун күнү белгиленип жатат. Иш-чаранын алкагында "Ала-Тоо" аталышындагы сүрөт көргөзмөсү, концерттик программа менен коштолуп, "Чыңгыз Айтматовдун дүйнөсү" аталышындагы даректүү тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле ХХ кылымда кино тартууда колдонулган камера, штатив, жарык берүүчү жабдуулар көргөзмөгө коюлду.

Бул күндү белгилөө тууралуу жарлык 1941-жылы ошол кездеги "Фрунзенин кинохроника студиясы", учурдагы "Кыргызфильм" киностудиясынын түптөлүшү менен ишке кирген. Кыргыздын эң биринчи түстүү тасмасы - "Салтанат". Ага советтик кинорежиссёр Василий Пронин режиссёрлук кылып, фильм 1955-жылы тартылып бүткөн. Кыргыз тасмаларына зор салым кошкон залкар актёр жана актрисалар Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Сүймөнкул Чокморов жана башкалар. Ал эми кинорежиссёрлор Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Болот Шамшиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: