super.kg logo

Өмүрбек Текебаевдин соттук ишиндеги негизги күбө Леонид Маевский Москвада камакка алынды

 

Москва шаарынын Тверь райондук соту Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевскийди 14-январга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Маевский жабырлануучуну каралаган маалыматты жарыялап салам деп коркутуп, андан 37 миллион 500 миң доллар талап кылган деп күнөөлөнүүдө. Мындай маалыматты "Интерфакс" басылмасы жазды. 16-ноябрдагы соттук отурумда анын баш коргоо чарасы каралды.

"Эки тараптан келтирилген жүйөлөрдү угуп жана тиешелүү материалдарды карап чыгып, сот Маевскийди 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алуу чечимин чыгарды", - деп жазат басылма.

Леонид Маевский ири өлчөмдөгү мүлктү өзүнө ыйгаруу максатында опузалап талап кылуу (Орусия Федерациясынын Жазык кодексинин 163-беренесинин 3-пункту) беренеси менен айыпталууда. Анын күнөөсү далилденсе, Маевский 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы ыктымал. Тергөөнүн берген жыйынтыгына таянсак, Маевский ушул жылдын 31-октябрынан 8-ноябрына чейин белгисиз адамдар менен биргеликте жабырлануучулардан 37,5 миллион доллар талап кылып келген. Эгерде жабырлануучу аталган суммадагы акчаны бербесе, аны каралаган маалыматты таратам деп коркуткан. Бул факты боюнча 14-ноябрда кылмыш иши козголуп, 15-ноябрда Маевский колго түшүрүлүп, айыбы угузулган.

Соттук отурум жабык өттү. Экс-депутаттын жактоочусу соттон отурумдун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн жашыруун өтүшүн өтүнгөн. "Мен соттун жабык тартипте өтүшүн каалайм. Анткени мамлекеттин коопсуздугуна да байланыштуу маалыматтар айтылышы мүмкүн", - деген Маевский.

Эске салып өтсөк, Леонид Маевскийдин ысымы Кыргыз коомчулугунда кеңири белгилүү. Ал экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин үстүнөн алдамчылыкка айыптап арыз жазган.

2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов камалган.

Башкы көзөмөл органдын берген маалыматы боюнча, аларга орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.

Леонид Маевский 1999-2003-жылдар аралыгында Орусиянын Мамлекеттик Думасынын үчүнчү чакырылыштагы депутаты болгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Комментарийлер(15)
17.11.2018. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Текебаевке жалка, кайдагы бир аферисти деп камалып кетти
17.11.2018. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Текебаевди жон эле разминка кылган окшойт бул аферист, Текебаевдикин дагы кошуп 30жыл бериши керек, Текебаев акталыш керек да 1млн. Долл компенсация толоп бериш керек!
17.11.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Бул бумеранг!!! Текабаевти каматып коюп жыргап жашайм деп жургон да. Эми озунун башына келди. Бекеринен бироого ан казсан озун тушосун деп айтылган эмес.
17.11.2018. 05:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
aman0296,негизи ошондой. Баары бир кайтып келет.
17.11.2018. 05:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Арам киши ылацым ооруп кыйналып өл.
17.11.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Атамбаев да ушунун шериги ХХХХ
Модератор admin_portal түзөттү 2018-11-17 21:42:25
17.11.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Атамбаевдин башына да тушот бироону какшатып жыргап жашамак беле,
17.11.2018. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Понятно жакында Текебаевдин иши кайра каралат экен
17.11.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Текебаевге боштондук.урааа.Буйурса эми акталат бул киши.Омурбек Чиркешович сабыр сабыр жакында чыгасыз.Жаны жылды уйбулонуз менен чогу тосушунузду каалайм.
17.11.2018. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ушул Текебаевге жалган көрсөтмө бергенин жарыялайм деп АШАдан акча талап кылбады бекен. Ал иш үчүн да Маевский акысын алып, бекер жасабаса керек. АША дагы дүйнөлүк деңгээлдеги аферду таап алганын кантесиң.
18.11.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
isarti,ойлоно турган нерсени айтып салдың го
17.11.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бул ххххх акчаган жалданып иш кылганы эми айдан ачык болду.Кара кожа берцы менен кочуко экини жегенде баардыгын токпой чачпай божурап айтып берет эми.
Модератор admin_portal түзөттү 2018-11-17 21:45:15
17.11.2018. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Текебаевта жакшы адам эмес бул менин жеке пикирим. Канчасын каматты убагында парламентте 20 жыл журду без тольк.
18.11.2018. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх туугандар бирок денег созбар э, мисалы текебаевдин ищи калпболсо алкамалмак эмес, себеби маеевский туура айтканын. А Эми мен Текебаевдин мамлекеттик кызматта иштеп байыдыбы же бизнесинен байыдыбы билбейм, себеби мамлекеттик кызматта иштегендердин копчулугу жалганчы декларациясын ачык айтпат.
18.11.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Текеге чооң мүйүз өсүп чыга турган көзүр болду Маевскийдин аферист экени
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: