super.kg logo

Ошто досунун унаасын айдап чыгып, жол кырсыгында каза болгон кыз менен жигит 18 жашта болгону аныкталды

 

Ош шаарында досунун унаасын айдап чыгып жол кырсыгына кабылып, оор жаракаттардан улам каза болгон айдоочу менен жүргүнчүсү 18 жашта болгону аныкталды. Бул маалыматты бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

Башкармалыктан маалымдашкандай, учурда 2 адамдын өмүрүн алган бул жол кырсыгы боюнча иликтөө иштери улантылууда.

"Иликтөө иштеринин алкагында айдоочу да, анын жүргүнчүсү да 2000-жылы туулгандыгы аныкталды. Жол кырсыгы боюнча чогултулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Факт боюнча кылмыш иши козголот, учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда", - деп билдиришти башкармалыктан.

Эске салсак, жол кырсыгы 12-ноябрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында Абдыкадыров көчөсүндөгү мечиттин жанында орун алган. Анда 18 жаштагы Ала-Бука районунун тургуну Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын рулун башкара албай калып, жол кырсыгына кабылган. Оор жаракаттардан улам айдоочу да, анын жанындагы 18 жаштагы жүргүнчүсү да каза болуп калышкан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: