Криштиану Роналду менен Жоржина Родригестин үлпөт тою качан болору айтылды
Италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду сүйүктүүсү Жоржина Родригес менен качан баш кошору белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, үлпөт той Италия чемпиондугуна (Серия А) карата болчу оюндардын тыныгуу учурунда болуп өтөт.
"Италия чемпиондугу декабрдын аягында башталат. Той болсо аталган мелдештин тыныгуу мезгилинде болуп өтөт", - деп жазышат басылмалар.
Роналду Родригеске бир нече күн мурун үйлөнүү боюнча сунуш киргизип, "макул" деген жооп алган. Түгөйлөр 2016-жылы сүйлөшө башташкан. Бир жылдан ашык убакыттан соң алар Алана-Мартина аттуу кыздуу болушкан.
Криштану Роналду - 4 баланын атасы. Алгач спортчу ата статусуна 2010-жылдын 17-июнунда ээ болгон. Азыркы убакытка чейин баланын апасы ким экенин Роналду сыр бойдон сактап келет. Андан соң футболчу карын эне жалдап, Маттео жана Эва аттуу эгиз балалуу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Ali-han

17.11.2018. 12:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чакырып кой тойуна Криш))) Жыргап бийлеп чер жазып келели жеңең экөөбүз)))
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.