super.kg logo

Түйүнчөк көтөрүү, нан чыгаруу, жоолук-калпак берүү. Кадамжайда тойдогу ысырапкорчулукту жоюу аракети кандай жыйынтык берип жатат?

 

Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айыл өкмөтүндө аш-тойлордо ысырапкорчулукка жол бербөө максатында октябрь айында атайын чечим кабыл алынган. Ага элдик жыйында айтылган сунуштар, ой-пикирлер негиз болгону айтылат.

Анда сүннөт тойдо ата-энелерине, бир туугандарына кийит кийгизүү, себет тартуу, конок берүү, бир туугандарынын эмеректерди алып келүүнү токтотуусу керектиги айтылат. Кабыл алынган чечимдер:

- Сүннөт тойдо бир гана куда тарап коноктолсун. Сүннөт тойдо эт жана 6 даана нан жаш курагы 70тен ашкан аксакалдарга гана берилсин. Тойго аялдар түйүнчөк көтөрүп барышпасын. Той өткөргөн үй ээлерине жоолук, калпак кийгизүү токтотулсун, көңүлдөн чыккан акча каражаты берилсин. Куда тарапка бериле турган себеттин саны 4төн ашпасын. Сыйлуу конокторго эт, 6 даана нан, чачыласы менен (таттуулар) берилсин. Жамаатты өз ыктыяры менен чакырат, конок берилбейт. Бала кичинекей кезинде сүннөткө отургузулуп, бирок шартка байланыштуу элге той бала мектепте окуп жаткан учурда берилсе анын классташтары тойго чакырылбасын. Той ичимдиксиз өткөрүлсүн.

- Үлпөт тойдо кортеждин саны кыскартылып, 1 жеңил унаа, 2 кичи автобус чыгарылсын. Тойканага чакырылгандар гана барып, той ичимдиксиз өтсүн. Кызга берилген калыңдын суммасы 100 миң сомдон ашпасын. Кыз тарапка 100 килограмм пахта берилсин. Кыз узаткан, уул үйлөгөн тойдон конокторго нан таратылбасын.

- Бешик той, көшөгө жыйды, күйөө чакырды сыяктуу тойлорго 10дон ашык адам барбасын. Мындай тойлордо кудалар бири-бирине кийит кийгизишпесин.

Аялдарга тойго бара жатканда түйүнчөк көтөрүүгө да тыюу салынып жатат. Бирок чектөөлөр ишке аша элек. Сыйлуу адамдар, жакын тууганы, кудасы той өткөргөндө алып бара турган түйүнчөктүн ичин толтурууга өзгөчө көңүл бурулат. Демейде 8 даана нан, 6 же 8 түрдөгү таттуулар, 8 даана рулет салынат. Той ээлерине жоолук менен калпак, кездеме, эркектер үчүн белине байлаган чарчы берилет. Той өткөргөн тарап да ушундай эле өңүттө кайтарат. Кыз турмушка чыгып жатса себине бериле турган буюмдар, эмерек, жууркан, килем алып барышат. Эгер уул үйлөп жаткан тойго барса мал алып барат же акчалай берет. Кийин кайтарып берүү үчүн кимдин эмне алып келгени жазылып калат.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчынбай Төралиев кабыл алынган чечим кандай жыйынтыктарды берип жатканына токтолду:

"Ысырапкорчулук жылдан-жылга көбөйүп жатпайбы. Эл да кыйналып жашап жаткан маалда балдарыбыз Орусияда иштеп тапкан акчасын, айылдагылар жазы менен дыйканчылык кылып тапкан акчасы менен бир той өткөрүп эле койгону туура эмес. Тойдон кийин кайра мурунку жашоосундагы кырдаалга түшүп калып жатат. Элдин көбү кредит менен жашайт. Кыскартсак деп элдин үнүн угуп ушундай чечим чыгардык. Көпчүлүгү колдоду, бирок каршы болгондор да чыкты. Той өткөргөн адам 80-100 миң сомго таттууларды алат, 7-8 миң даана нан кетип жатат. Келген меймандарга атайын кой союлуп башка үйдө коноктолчу. Көп конок чакырылган болсо анда 50-60 кой союлат. Аны да бышырып жебей, чийки бойдон алып кеткен учурлар да болду. Быйыл элге жайылтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Айыл өкмөттө комиссия түзүлдү, ар бир айылдын аксакалдарына, айыл башчыларына айтып жатабыз. Бирок чечимди аткарбагандарга айып салуу жок. Бул элге пайдалуу экенин түшүнсө, өзү билип аткарса деп элдин эркине койдук. Башка айыл өкмөттөрүнөн байланышка чыгып "туура чечим кабыл алыпсыздар. Биз да ушуну ишке киргизели" дегендер болуп жатат. Абдусаттар Абибиллаев деген айылыбыздын тургуну биздин жаңы чечимдерге карап той өткөрдү. Бир топ каражат үнөмдүү болгонун айтып жатат", - деди айыл өкмөт башчы.

Ысырапкорчулук тойлордо эле эмес, сөөктү жерге берүүдө да кездешет. Алчынбай Төралиев бул жаатта да чектөөлөр киргизилгенин билдирди. Анын айтымында, сөөктү жерге берүүдө мурун бодо мал, кой союлуп келсе, азыр бир эле кой же музоо союлуп, кездеме таратуу, акча берүү токтотулду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(18)
18.11.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Туура кыласынар.
18.11.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыскарган эч жерин корбодум 100 мин сом 100 кг пахта дейт го ошончо сеп берип эмне кылат уйу жок жаштарга.
18.11.2018. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nargis, бул кыскарганы тууган. Дагы онолоор. Менин үмүтүм ушу азыркы жаш муун чоңойгондо алда канча сарамжалдуу болушат кудай кааласа
18.11.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-17
Эптемей той кылышат экенда XXXX килеме балээ барбы!?
Модератор admin_portal түзөттү 2018-11-18 16:37:38
18.11.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Койгулачы эч жерде коро элекмин 50 60 кой союлганын мындайда тойго келген 4 адамга бир кой союшатко ак турпак тарапта 5 6 кой менен десе болмок ашып барса 10 кой союлат
18.11.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Adi.Avazbekov,кайнагам той берди үйүнө. Тойго бир мал, конок бергендерге 25 кой сойду.
18.11.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздар баары эле ошондой андан коро кафе де откорчу адамдарга айтсанар болмок
18.11.2018. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баштаганды эми адамдар дагы колдоп кетишсе жон эле чыгым болбойт эле. Кобу для галочки эле тойго барып коюшат. Тойлорду фуршет менен откоргон кыйла пайда болсо керек
18.11.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Туйун которуп барган дагы эртен эле токтойт. Бирок башка жагынан чыгарып алышпаса эле дагы бир нерсени ойлоп. Гилем тошок чын эле ашыкча
18.11.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде ар кайсы жерде ар кандай салт кармашат.
18.11.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ош шаарында өзбек туугандар бир кой союп анын жарымы менен той өткөрүп жарымын сатып таттууларды ошого кетирет экен. Анан үйүнө кирсең керемет кылып жасап алган. Бизде деле азайтып той чыгымдарын жаштарга бир жакшы нерсе тартууласа сонун болмок. Анан тойдогу калпакты жолукту 2 метр кездемени жок кылыш керек тойдон түшкөн ушул нерселерди эч бирин кийүүгө болбойт себеби эптемей эле катурак кармасаң экиге бөлүнөт.
18.11.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен 2013-жылы үйлөнгөндө жубайым экөөз келишип нак жеңил той кылганбыз. Менин апам бир аз каршы болуп акыры көнгөн. Кайнене, кайнежелер да көнүшкөн айла жок. Себеби келинчегим бекем турган эле Ислам боюнча ТОЙ деп. Кечинде Вечер, ЗАГС баруу болбогон. Калган салт болгон. Кой союп, материал бермей сыяктуу. Арак дегеле болгон эмес. Бактылуумун. 2 уулум бар. Карызга алып "Вечер" кылган 1 досум 2 жыл карыз төлөдү.
18.11.2018. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кечкеле нанды жаза бериптир, 100кг пахтаны эмне кылышат
19.11.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азыр кызды Ак кийизге салып узатуу чыгыптыр.
19.11.2018. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кортежди го тыйгыла маакул.Анан жанагы пахта деген башка региондордо жок.Бирок уул уйлоп кыз чыгарганда бербеген тойду качан бересинер.Ушул ак тоонун карды жарылган заманда ысырапкерчилик дегенинер уят.Ар элдин салт санаасы бар.
19.11.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тыюю катуу эле салынсынчы. Алайда да ото куркурошот чересчур... Мисалы куда тарап байырак бсо жанагы куйо балага кыз тарап кийим кылып туйуп бата той куну астына коет ону чечиш керек кайненеси 5000бутун коюп чечти еще жоролор да чечет кыскасы пулдун шору даже нике тунго кирип атканда да куйо баланын чонтогун антарышат экен чечинтели деп ан жок озум эле чечинем деп чонтоктон акча алып женелерге берет экен оооюю эсептесен ашыкча
19.11.2018. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан суннот тойго классташтары келбесин дептир го отургузган баланын кл.бы? Баланы окугучан эле бычат го негизи
19.11.2018. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакында болом турмушка чыкты. Сепке деп 70000ге спальня,автомат машина(кир жууган),стенка,кухонный гарнитур,мебель,дагы коп нерсе берди ата-энеси. Берген калыны 100000сом. Ошондо сеп берген жак чыгаша болуп атпайбы.
Келин менен бала Москвага кетти кайра. А септи кайнене колдонуууп коюп отурат.
Идиш аягын,кийимдерин эле эсептесе,50000жон эле кетти...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: