super.kg logo

"Учурда өрттүн калдыктарын тазалоо менен алекпиз, келтирилген чыгым миллиондон ашык" дейт Бишкекте 3 кабаттуу үйү жана кампасы күйүп кеткен жабырлануучу

 

Бишкек шаарындагы Элебесов-Витебск көчөлөрүнүн кесилишиндеги сатыктагы кийимдерди сактоочу кампа жана турак жай 5-ноябрь түнү толугу менен күйүп кеткен. Орто эсеп менен келтирилген чыгым 1 миллион сомдон ашык экенин үй ээсинин тууганы Алексей бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.

Белгилүү болгондой, учурда өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдар дагы деле эсептелинип бүтө элек.

"Учурда өрттүн кесепетинен келтирилген чыгымдар эсептелип жатат. Кечээ өрт боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жаткан комиссиянын өкүлдөрү окуя болгон жерге келип кетишкен. Азырынча өрт үйдүн кайсы бөлүгүнөн чыкканы белгисиз, аны ошол комиссия аныктайт. Келтирилген чыгымдын суммасын так айта албайм, бирок ал өтө чоң сумма экенин гана айта алам. Себеби ал 3 кабаттуу үй жаңы болчу. Ал эми кампадагы сакталган кийим-кечелер боюнча чыгым канча болгонун айта албайм. Азыркы учурда өрттүн калдыктарын тазалоо менен гана алек болуп жатабыз", - дейт Алексей.

Эске салсак, өрт кырсыгынан бир жер тилкеде жайгашкан кампа менен 3 кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Үйдүн ээсинин тууганы буга чейин кийим-кече сакталган кампа жагы өзүнчө бөлүнгөнүн айтып, турак үй 3 жылдан бери суусу өчүрүлүп, электр энергиясы толугу менен өчүк болгонун билдирген. Ошондой эле кампаны ижарага алгандар өрт турак жайдан чыккан деп күнөөнү оодарып жатышкандыгын да кошумчалаган болчу.






Кийим сактоочу кампадагы өрттөн 3-кабаттуу үй да күйүп кетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: