super.kg logo

Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин коңшулары суракка алынууда

 

Кара-Сууда кумшекер төгүп алып жаңжалдашкандан кийин каналдан өлүгү табылган келиндин коңшулары да суракка алынууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

"Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары улантылып жатат. Алгач анын кайненеси жана күйөөсү суракка алынган. Учурда маркумдун коңшулары да суракка алынып жатат. Алар келин үйүндөгүлөр менен урушуп үйдөн чыгып кеткенден кийин 20 сом карызга сурап келгенин билдиришкен. Эгер анын күйөөсү же кайненеси келинди өзүн-өзү өлтүргөнгө жеткиргени далилденсе, кылмыш иши козголот", - дейт Ашырбаев.

Буга чейин жансыз денеси каналдан табылган 21 жаштагы келиндин күйөөсү жана кайненеси суракка алынган болчу. Ошондой эле маркум менен күйөөсү бир тууган ага-ининин балдары болгону айтылган. Ал күйөөсү экөө акыркы 5 жылдан бери бирге жашап, эки балалуу болушкан.

Эске салсак, келиндин жансыз денеси 3-ноябрь күнү Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан табылган. Келин 2-ноябрь күнү күндүзгү саат 11:00дөр чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын милицияга өз атасы билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.11.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо 16жашар наристени күйөөгө бериштиби?!
17.11.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир тууганына келин кылып бергенби ошондо?
17.11.2018. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандар экен
18.11.2018. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жеткиргенда ошого жол киресине акча сураган 20сом(
18.11.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандарго дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: