super.kg logo

Орусиялык ырчы, 90-жылдардагы хит ырлардын аткаруучусу Евгений Осин 54 жашында көз жумду

 

Орусиялык ырчы Евгений Осин 54 жашында көз жумду. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону айтыла элек. Ырчы 17-ноябрда Москвада өз үйүндө каза болгонун анын концерттик директору "Звезда" телеканалына билдирген.

Ырчы 2017-жылы орусиялык басылмаларга берген маегинде ден соолугу начарлап жатканын, дарыланууга каражаты жок экенин айткан. Ал аракечтиктен дарыланып келгени да айтылып жүрөт.

Евгений Осиндин чыгармалары 1990-жылдары хит болуп турган. Анын "Плачет девушка в автомате", "Восьмое марта" жана "Таня плюс Володя" аталышындагы ырлары өзгөчө популярдуу болгон. Ал 1980-жылдары "Браво" тобунун курамында чыгармачылыкка аралашып, кийинчерээк жеке ырчы катары ырдап баштаган. Акыркы жолу 2016-жылы "Разлука" аталышындагы альбомун чыгарган.






Евгений Осин - "Плачет девушка в автомате"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: