super.kg logo

Кара-Балтада оор кылмыштарга шектелип издөөгө алынган жаранды кармоо учурунда ок атышуу болуп, милиция кызматкери жаракат алды

 

Кара-Балта шаарында оор кылмыштарга шектелип издөөгө алынган жаранды кармоо учурунда ок атышуу орун алды. Анда бир милиция кызматкери жана шектүү октон жаракат алып, ооруканага жеткирилишти. Бул тууралуу 18-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 11-мартында милиция кызматкерлери Сосновка айылына бара жатып түнкү саат 01:40тар чамасында Хонда Одиссей унаасын көрүшөт. Унаанын айдоочусу 1989-жылы туулган А.Сулаймановго таандык айдоочулук күбөлүктү көрсөткөн. Мал уурулукка катыштыгы бар же жоктугун аныктоо үчүн алар Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөшөт. Жолдо бара жатканда айдоочу милиция кызматкерлери менен чогуу жүргөн А.Э. аттуу жаран менен уруша кетип, ага ок чыгарган. Андан соң окуя болгон жерден качып кеткен.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө айдоочу 1986-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Т.Шатманов экени, анын бейбаштык боюнча бир нече жолу соттолгону аныкталган. Мындан улам ага издөө салынган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн кайсы жерде жүргөнү боюнча маалымат түшүп, 18-ноябрда саат 06:00дөр чамасында Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринде Т.Шатмановду кармоо иштери жүргөн. Ал укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүп, ок чыгарган. Анын кесепетинен атайын операциялар отрядынын кызматкери жарадар болгон. Шектүү да октон жаракат алган.

Т.Шатманов бейбаштык, Бишкекте укук коргоо органдарынын кызматкерлерин өлтүрүүгө аракет кылуу кылмыштарына шектелип жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
18.11.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркунучтуу кылмышкер экен
18.11.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул уй жай кимге таандык болду экен.
18.11.2018. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздикилер атканды эмес пара алгандан башканы билишпейт,колунда курал барбы ат нарака
18.11.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кармалдыбы же дагы качып кеттиби?
19.11.2018. 03:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоок урдады кой урдады деп сабап күнөөнү моюнга илип сабаганды билесинер анан минтип ай балтасы мн эл арасында чоң кылмыш кылып жүргөндөрдү көзүнөр көрбөй кулагыңар укпай калганын кантейин!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: