super.kg logo

Ошто терезе тазалап жатып 2-кабаттан кулап каза болгон аял ооруканада 30 жыл иштеген

 

Ошто терезе тазалап жатып 2-кабаттан кулап каза болгон аял ооруканада 30 жыл бою тазалык кызматкери болуп эмгектенген. Бул тууралуу бүгүн, 18-ноябрда SUPER.KG порталына шаардык милициядан билдиришти.

"Оорукананын 2-кабатынан терезе тазалап жатып, кулап каза болгон 54 жаштагы О.Т. аттуу аял ооруканада тазалык кызматкери болуп 30 жылдан бери иштеп келген. Окуя болгон күнү ал терезенин сыртын тазалап жатып кулап кеткен. Башы менен асфальтка түшүп, оор жаракаттан улам каза болгон. Аны палатада жаткан бейтаптар да көргөн, алар суракка алынган. Бүгүнкү күндө окуя кокустук катары катталып, иликтөө иштери улантылууда", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, каргашалуу окуя 16-ноябрь күнү Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын экинчи кабатындагы палаталардын биринде орун алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
19.11.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эмнеге кокустук катары каралат.Коопсуздук эрежеси сакталган эме с дп
19.11.2018. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа да бизде кайсы эреже стремянки деген айлансын бизде корпсуздук шаймандары жок анан ушундай суукта да терезе жууйбу? Ал эжеге да биросу кыйын болуп жууп коюунуз деди да
19.11.2018. 05:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текшерүү келет деп тозтополоң чыгып жатып калышат.Ошондо байкуш санитаркаларды кууп жөнөшөт бол,бат тазала дешип.Келген комиссиясы анын бирин да текшерип койбойт,ординаторскийге жасалган дасторконкон даам сызып,чогултуп берген тыйынды чөнтөгүнө салып жөнөйт мулуңдап.Байкуш эжени дагы бирөө тез жууй сал деди да.Бейиши болсун
19.11.2018. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйбулосуно компенсация толоп беришеби экен?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: