super.kg logo

Киши колдуу болгон облустук прокурордун өлүмү: Окуянын чоо-жайын билүү үчүн башкы прокурор Баткенге барды

 

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнүн чоо-жайын билүү үчүн башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткенге барды. Аны менен кошо прокуратурадагы башкармалыктын башчылары да кетишкен. Маалыматты башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тастыктады.

Белгилүү болгондой, Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында төрт баласы калды. Ал ушул жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурорунун жансыз денеси суу сактагычка жакын жерде жолдун боюнан 18-ноябрда эртең менен табылган. Ал баш сөөгүнүн бир нече жеринен жаракат алгандан улам көз жумганы маалым болду. Факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары аны менен акыркы жолу чогуу жүргөн адам кармалган. Шектүү кармалган учурда мас абалында болгону кабарланган. Кылмышка шектүү Баткен шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы экени айтылууда. Бирок ИИМ бул маалыматты тастыктай элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
18.11.2018. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жаман иш болуптур. Жакындарына сабыр. Жайы жаннаттан болсун!
18.11.2018. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кантип шектуу мас кармалсын.Киши олтуруп коюп еще смело ичип журмок беле.Болушунча озун жашырганды же кантип билинбештин амалын кылат.Аны чорныйлар эле олтуруп машина менен торт гул суу сактагычтын жээгине алып барып таштап салган.
18.11.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ичип отуруп урушуп кеткен десек,ал суу сактагыч ээн талаа жерде ушундай суукта ал дерде ичип отурбайт эч ким.Окуяда созсуз машинанын катыштыгы бар.Демек алкаштан башка дагы бироолор бар
19.11.2018. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Прокурорлор ойлонуп адилеттүү иш кылып калышсын эми!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: