super.kg logo

АКШда дарыгерлер бейтаптын 2 соо бөйрөгүн алып салышкан

 

АКШнын Колорадо штатынын дарыгерлери 73 жаштагы Линда Вуллинин 2 соо бөйрөгүн алып салышкан. Бул тууралуу Fox 31 телеканалы айтып чыкты.

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын март айында дарыгерлер Вуллинин 2 бөйрөгү тең рак оорусунан жабыр тартарын жана аны операция жолу менен тез арада алыш керек экендигин айтышкан. Май айында ага операция жасалган.

Бирок март айында операция жолу менен алынган бөйрөктөргө текшерүү жасалып, жыйынтыгында бейтаптын бөйрөктөрү рак оорусунан жабыр тартпагандыгы, эч кандай залалдуу шишик болбогону аныкталган. Дарыгерлер кетирген катачылыктын айынан бейтап бөйрөк алмаштыруу үчүн 7 жылга чейин созулган кезекке туруусу зарыл.

"Мага дарыгерлер бөйрөк карыздай эле туюлуп жатат. Коркосуң, анткени сен дарыгерлерге өмүрүңдү тапшырып барасың да. Ал эми алар болсо адамдын өмүрүн ала турган катачылыктарды кетирип жатышат", - деп билдирген Вуллин.

Айта кетсек, буга чейин Флорида штатынын жашоочусу залалдуу шишик деп анын 1 бөйрөгүн алып салган дарыгердин үстүнөн арыз жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
19.11.2018. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: