super.kg logo
  Спорт  

Мирлан Түркбай уулу жана Шахриза Халилова бокс боюнча Өлкө чемпиондору аталышты (жеңүүчүлөрдүн тизмеси)

 

Кечээ, 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул мелдеште өлкөнүн бардык аймактарынан келген 97 мушкер катышып, эркектер жана кыз-келиндер 15 медалдар топтому үчүн күч сынашты.

Кыз-келиндер арасындагы 57 килограммга чейинки салмак чениндеги финалдык беттеште белгилүү мушкер Шахриза Халилова Айгүл Абдувахит кызы менен кез келди. Беттештин жүрүшүндө Халилова мыктыраак болуп, жыйынтыгында калыстардын бирдей чечими менен жеңишке жетти.

Эркектер арасындагы 52 килограммга чейинки салмак чениндеги финалдык беттеште Мирлан Түркбай уулу менен Жеңишбек Белашаров кездешти. Эки мушкер тең чеберчилигин көрсөтүп мелдештин мыкты беттешинин катарына кирди. Жыйынтыгында калыстардын чечими боюнча эсеп 3:2 болуп, Мирлан Түркбай уулу жеңүүчү болду.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эркектер арасында:

  • 52 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Мирлан Түркбай уулу;
    • 2-орун: Жеңишбек Белашаров;
    • 3-орун: Нуржигит Дүйшөбаев;
    • 3-орун: Рустам Муратов;
  • 57 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Мунарбек Сейитбек уулу;
    • 2-орун: Сирожиддин Абдуллаев;
    • 3-орун: Аманбийик Автандил уулу;
    • 3-орун: Алманбет Алибеков;
  • 63 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Бек Камчыбеков;
    • 2-орун: Арген Кадырбек уулу;
    • 3-орун: Сабырбек Талантбек уулу;
    • 3-орун: Нурсаид Иминжанов;
  • 69 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Абдурахман Абдурахманов;
    • 2-орун: Данияр Дамирдин уулу;
    • 3-орун: Юнус Хандишов;
    • 3-орун: Дмитрий Пучнин;
  • 75 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Өмүрбек Бекжигит уулу;
    • 2-орун: Жаркынбек Туратов;
    • 3-орун: Таалайбек Айтбек уулу
    • 3-орун: Адилет Батыралиев;
  • 81 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Эркин Адылбек уулу;
    • 2-орун: Ильяз Акматалиев;
    • 3-орун: Александр Бахров;
    • 3-орун: Аслан Абаев;
  • 91 килограммга чейинки салмак ченинде:
    • 1-орун: Чыңгыз Борбашев;
    • 2-орун: Сергей Паренко;
    • 3-орун: Баяман Ильясов;
    • 3-орун: Бекболсун Токтосун уулу;
  • 91 килограммдан жогорку салмак ченинде:
    • 1-орун: Зийдин Муминов;
    • 2-орун: Алтынбек Абдижалил уулу;
    • 3-орун: Сталбек Карасартов;
    • 3-орун: Руслан Девришов;

Кыз-келиндер арасында:

  • 57 килограммга чейинки салмак ченинде:
  • 1-орун: Шахриза Халилова;
  • 2-орун: Айгүл Абдувахид кызы;
  • 3-орун: Жибек Имамова;
  • 64 килограммга чейинки салмак ченинде:
  • 1-орун: Мээрим Мамасали кызы;
  • 2-орун: Барчынай Узгенбаева;
  • 3-орун: Элнура Айдарова;
  • 3-орун: Алина Масадык кызы.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: