super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз өлкөсүнөн 15 балбан катышкан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 1 балбан медаль жеңди

 

Румыниянын Бухарест шаарында 12-18-ноябрь аралыгында спорттук күрөш боюнча 23 жашка чейинки балбандар арасындагы Дүйнө чемпиондугу өттү. Бул мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдештерге 13 балбан катышты.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште кыргыз балбандар 8 салмак ченинде күч сынашып, алардан Балбай Дордоков коло медаль утуп алганга жарады. Ал 55 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, мелдештин жүрүшүндө 3 жолу жеңишке жетип, 1 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Дордоков алгачкы 2 беттеште атаандаштарына мүмкүнчүлүк бербей жеңген, бирок жарым финалда грузиялык балбанга утулуп калган. Коло медаль үчүн беттеште Дордоков армениялык балбанга кез келип, аны 7:3 эсебинде жеңип алган.

Калган 7 салмак чениндеги кыргыз балбандар медаль үчүн беттештерге жеткен жок. Анда Ринат Ильяз уулу, Рустам Тейишов 8-орунду, Тынар Шаршенбеков 9-орунду, Абдулазиз Ашымбеков 17-орун ээлесе, Үзүр Жусупбеков, Нурмолдо Анарбеков жана Калидин Асыкеев алгачкы беттештерде жеңилүү ызасын тартып алдыңкы 20 спортчунун катарына кирбей калышты.

Эркин күрөш боюнча мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 5 балбан катышып, алар байгелүү орундарга илинбей калды. Исламбек Тазабековдун баштоосундагы Кыргыз курама командасынан Улукбек Жолдошбеков коло медаль үчүн күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк алган, бирок мүмкүнчүлүгүн пайдаланган жок. Коло медаль үчүн беттеште Жолдошбеков румыниялык балбан менен кездешип, 4:10 эсеби менен жеңилип калды. Натыйжада Улукбек Жолдошбеков 5-орунду ээледи. Ал эми Алмаз Сманбеков 12-орун, Исламбек Орозбеков 15-орун, Бекжан Жамбулов 16-орун жана Нургазы Абдуразаков 21-орунду ээледи.

Айта кетсек, 2017-жылы 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы Дүйнө чемпиондугу Польшада өтүп, анда өлкөбүздөн 6 балбан катышкан. Мелдештин жыйынтыгында Эсен Асанов грек-рим күрөшү боюнча коло медалды утуп алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.11.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: