Мушкер Хабиб Нурмагомедов Дагестандагы түнкү клубдарды жабуу керектигин айтып чыкты

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Дагестандагы түнкү клубдарды жабууну колдоорун айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Махачкаладагы түнкү клубдардын биринде Орус гвардиясынын офицери атып өлтүрүлгөн.
"Мен түнкү клубдардын жабылуусун колдойм. Менин мекендештериме суроо: Сиздерге түнкү клубдар кандай пайда алып келет?" деген билдирүү жазып, белгилүү дагестандык блоггердин түнкү клубдарды жабуу керек деген видеосун тиркеп койгон.
Айта кетсек, Махачкала шаарында "Best" түнкү клубунда мас абалдагы балдарды ажыратып жаткан офицер ок тийип каза болгон. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

9:9
2025-06-26
Рейтинг:
0

Апамды, карындашымды, атамды, байкемди, эжемди тойго, концертке, клубка ээрчитип бара берем. Себеби ырдашсын, кулушсун, бийлешсин, конулдорун коротушсун. Ар кайсы Ислам диний секталарга кирип алып мээси айланып, кудай жонундо жомоктоду угуп, радикалдашып жургондон коро, лучше концертке барып, ыр угуп, конул которгондору мен учун жакшы.