super.kg logo

Руслан Казакбаев Таабалды Тиллаевдин иштеп жаткан пенсионерлер тууралуу сунушу боюнча соцфонддун төрагасынын пикирин сурады

 

Руслан Казакбаев"Иштеп жаткан пенсионерлер тууралуу депутаттын сыны боюнча кандай пикирдесиз?" Мындай суроону депутат Руслан Казакбаев социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиевге берди.

Казакбаев кесиптешинин иштеп жаткан пенсионерлер боюнча айткан сунушу туура эмес чагылдырылып кеткенин кошумчалады.

"Ал бардык пенсионерлерди айткан жок. Сөз Бажы кызматы менен Каржылык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө карата айтылды. Алар жаш туруп эле пенсияга чыгып, 50-60 миң сом пенсия алып жатат. Сиздин ушуга пикириңиз кандай?" - деди Казакбаев.

"Бир эле жолу бар. Менимче, пенсияга чыгуу жашын гана жогорулатып коюш керек", - деди Ирсалиев.

Буга чейин депутат Таабалды Тиллаев иштеп жаткан пенсионерлер тууралуу сын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
19.11.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Оозунарга келгенин балп этип алып туштон кийин актанганды качан токтотосунар ыя, депутаттар?!!

Пенсионерлерди мындай кой, озунорго жооп бергилечи!!! Силер айлык-маянанарды актап алып жатасынарбы?!! Бир айда канча кун жумушка келип эртеден кечке жумушта болосунар?!! Ошого жооп бергилечи?!! Качан караба сессияга 120 депутаттын 20-30 гана катышып отурган болот. Баарынын кызыгы залда 20-30 депутат отурса да, каттоодон 100-110 депутат откону. Уялсанар болбойбу, бет деген барбы?!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: