super.kg logo

Бишкекте жер төлөдө, жылуулук түтүктөрү өтүүчү жайда жашаган, базарда иштеген балдарды аныктоо үчүн рейд өткөрүлдү

 

Бишкек шаарында өткөрүлгөн "Камкордук" рейдинин алкагында туруктуу жашоочу жайы жок 100 бала аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-ноябрда Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган рейддин негизги максаты - оор шартта жашаган, кароосуз калган, тилемчилик кылган жашы жете элек балдарды аныктоо болуп саналат. Рейддин алкагында соода жайлары, жер төлөлөр, жылуулук өтүүчү жайлар, компьютердик клубдар текшерүүгө алынган.

"Мындай рейддер жакшы жыйынтык берет. Себеби ал балдардын ата-энелери милициянын көзөмөлүндө турганын билип жашоо-шарттарын оңдоого, балдарын жакшыраак кароого аракеттенишет", - деп айтылат маалыматта.

Жалпы санынан рейдге ички иштер органдарынын 307 кызматкери жана 75 өкүлү тартылган. Жашы жете элек балдар көп чогулган 14 базар жана соода жайлары, 40ка жакын жер төлө жана жылуулук өтүүчү түйүн, 80 компьютердик клуб текшерилген. Натыйжада оор жашоо-шартта жашап жаткан 1, кароосуз калган 20, ата-энеси тарабынан көзөмөлсүз калган жашы жете элек 24 бала, кылмыш жасоого тиешеси бар 6, туруктуу жашоочу жайы жок 100 бала аныкталып, алардын 31и тиешелүү мекемелердин каттоосуна алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
19.11.2018. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мадина базар жактагы лөлүлөрдү жок кылышса жакшы болмок.астановкада айрыкча бербесен кетпейт тура беришет
19.11.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атайы акча суратып чыгарып койгон ата энелерге чара корсонор жакшы болот эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: