super.kg logo

Ноокатта эки унаа сүзүшүп, 48 жаштагы айдоочу каза болду

 

Ош облусунун Ноокат районунда жол кырсыгынан 48 жаштагы айдоочу каза болду. Бул тууралуу облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 18-ноябрда саат 16:00 чамасында Кызыл-Булак айылында болгон.

"Ноокат районунун 50 жаштагы тургуну Р.С. өзүнүн Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен Кызыл-Булак айылында келе жатып, карама-каршы багыттагы Дэу Тико үлгүсүндөгү унаасы менен сүзүшкөн. Ал эми Дэу Тико унаасын 48 жаштагы М.А. айдап бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен Дэу Тико унаасынын айдоочусу Кызыл-Кыя шаардык ооруканага жетпей жолдо каза болгон. Ал эми Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына жеткирилген. Учурда кырсык боюнча Ноокат РИИБинин кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматкери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.11.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайындар акырын айдагылачы. Дарегинерге эрте бара албасанарда кечирээк барганынар жакшы го, такыр барбай калганга караганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: