"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош шаардык мэриясы: "Троллейбустун үстүнө чыгып алган баланын аты-жөнү такталган жок"
"ЭЛДИК КАБАРга" WhatsApp аркылуу байланышкан окурман Ош шаарында троллейбустун үстүндө отуруп бара жаткан адамдын видеосун жөнөткөн.
"Биринчи көрүп, жакшы көңүл бурган жокмун. Унаамды жакын айдап барсам, окуучу экен. Коркуп кеттим. Анткени жамгырда кокустук болуп токту кармап алышы мүмкүн эле да. Анан акчасы жок болгондуктан ушундай жол менен мектепке бара жаткан окуучу экен деген ой келди. Балким, акчасы жок болсо айдоочу чыгарбай койгондур", - деп билдирген окурман.
Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери Азамат Абсатаров SUPER.KG порталына төмөндөгүлөрдү айтып берди.
"Шаардык милиция түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн троллейбустун үстүнө чыгып алган баланы издеп көрдү. Бирок анын ким экендигин аныктоого мүмкүн болгон жок. Видеодо да баланын жүзү толук көрүнбөй калган. Анын асынган рюкзагына караганда, окуучу бала болсо керек. Айдоочу да тролллейбустун үстүнө чыгып алганын байкабай калыптыр.
Учурдан пайдаланып ата-энелерден балдарынын жүрүм-турумун жакшылап көзөмөлгө алуусун суранабыз", - деди басма сөз катчы.
Окурман: "Жөргөмүш адам" бар экенине ишендим"






1 |