super.kg logo

Кыш келерде үйүн 60 миң сомго саткан тургун: "Сабатсыздыгымдан алданып калып, эми эки кызым менен барарга жер таппай калдым"

 

Токмок шаарынын 52 жаштагы тургуну Фарида Раимова 1 бөлмөлүү үйүн 60 миң сомго сатып жиберип мектеп курагындагы эки кызы менен барарга жер таппай жатканын айтып, SUPER.KG'ге кайрылды. Өзүнүн айтымында, ушул жылдын 30-октябрында Токмок шаардык сотунун чечими менен 1-кичи райондогу үйү Улан Байкабылов аттуу тургунга өткөрүлүп берилди.

"Бир нече жылдан бери мамлекеттик ишканалардын биринин короосун шыпырып жүрүп, үч-төрт жыл мурун мамлекет тарабынан 1-кичи райондогу жатаканадан бир бөлмөлүү үй берилген. Ага чейин азыр жашап жаткан үйдүн жанындагы үйдө убактылуу жашап жүргөм. Бирок ошол учурда сууга карыздарым бар болгон. Ал улам көбөйүп отуруп 6-7 миң сомго чыгып кеткен. Андан башка да азыраак карызым бар эле. Аны жабуу үчүн жана Чүй облусундагы интернаттардын биринен бир бөлмөлүү үй алсамбы деп үйдү Улан Байкабылов аттуу жаранга саткам. Бирок карыздарга кеткен акчадан сырткары колума 100 миң сом бермекчи болгон. Апасы да келип "балдар колуңузга 100 миң сом берет жана карыздарыңыздан кутулат" деп айтып кеткен.

Тилекке каршы, колума болгону 60 миң сом берип коюшканда үйдү бербей турганымды айтып чыктым. Мындан улам Байкабылов Токмок шаардык сотуна кайрылып, мени соттон утуп алды. Ишти Руслан Абдрахманов аттуу судья карады. Кийин калган акчаны бир беребиз, кайра бербейбиз деп жатып Каттоо кызматы аркылуу үйдү өз атына жаздырып алды. Кол койбой койсом болмок экен. Үй өзүнө өткөндөн кийин 40 миң сом эмес, 40 тыйын бербейбиз деп чыгышты. Соттун чечимине ылайык, үйдү 30-ноябрда бошотуп беришим керек болуп жатат. Колумда 4 жана 6-класста окуган эки кызым бар. Эми аларды кайда алып барып жан багам? Байкабылов менин сабатсыздыгымдан пайдаланды. Ошол учурда жолдошум дагы үйдөн кетип калган болчу. Ага да түйшөлүп жатып кандай алданганымды билбей калдым. Болбосо үч бөлмө кылып туруп сатсам 300 миң сомго сатмак экенмин. Анткени бөлмөнүн ичи чоң.

Эми облустук сотко арыз берүүгө камынып жатам. Облустук сот болгону 40 миң сом өндүрүп берсе болот. Андан кийин кыздарымды алып дагы бир жакка иштегенге кетем", - деп кайрылды Раимова.

Биз үйдү сатып алган Улан Байкабылов менен байланышып, бирок Арслан аттуу инисинин жообун уктук. Ал Фарида Раимованын айткандары жалган деп, бирок үйдү канча суммага сатып алганын айтуудан баш тартты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
19.11.2018. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
ОЗУ кыймылсыз мулко "охота"кылгандар коооооооп.Озуно озун тын болбосон шымыны деле шыпырып кетишет,Бет жоктор!
20.11.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ludimira,бир болмолук общежития тибиндеги квартираларды аран $15,000 ге табасын. Ушунча да сабатсыз болобу элдер,? Бироодон кенеш сураса болмок
19.11.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Алган адамдар адамдык сапатты билбеген өтө ырайымсыз айбандар экен 100 миң сомго керек болсо какыраган чөлдөн пасылкада бербейт азыр
19.11.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушунча арзанбы, 300 мин болгондо деле арзанго
19.11.2018. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бироонун айласыздыгынан жана сабатсыздыгынан пайдалангандар,кантип тынч уктап,журоктору оорубай журот экен? 60 000 деген,не деген акча? Бекер эле берип салыптырго уйду.Сабатсыздыгы билинип турат 1 болмо чоон болсо,аны 3эмес 10 болсон деле ошол эле сан чыгат да.
20.11.2018. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен уялат болчум 60минге уй алып алгандан, билип койгула бироо ичи ооруп саткан нерсе акыры жаман менен журот. Мага бир эже ушунчалык акчага зарыгып алтын шакегин сойкосу менен которуп келди эле эмнеге сатып жатас десем, озу саткым жок башка айлам дагын жок акча керек деп келиптир албадым анткени ичи ооруп турганы билинип турду ал мага жалан гада негатив алып келет таккан кундо да мага смело жайдары сатса алам любой нерсени
20.11.2018. 05:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми 40 минди жон эле берип коюшсп болмок, сот адвокатка деле берип койот ошончо акчаны, кыздарына боорум ооруп атат эми кайда барышат. 60 минин кайра берип комнатасын кайра озуно алып беруу керек.
20.11.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай сабатсыздыктан жана башка нерселерди пайдаланып уйун алып койгондор дуйнодо коп кездешет.Себеби ал алдамчылар учун чон бизнес да.
06.12.2018. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убалы уктатпасын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: