Тойлордо мыйзамсыз кызмат көрсөтүп жүргөн ырчы-чоорчулар менен сүрөтчүлөргө айып салынды
Кыргыз өлкөсүндө той-аштарда мыйзамсыз кызмат көрсөтүп жүргөн ырчы-чоорчулар менен сүрөтчүлөргө айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, тойдо кызмат кылып жүргөн тамадалардын, ырчылардын, бийчилердин, сүрөтчүлөрдүн жана операторлордун мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү жана ыктыярдуу патенти жок болгон.
"Тиешелүү документтери жок 44 тамада, 36 сүрөтчү, 6 музыкант, 13 видеостудия жана 10 бий тобу тойлордо кызмат көрсөтүп жүрүшкөн. Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында өткөрүлгөн 2 айлык рейддин жыйынтыгында кызмат көрсөткөн жалпы 320 субъект текшерилген. Бул убакыт аралыгында 769 миң 200 сомго 211 патент берилген", - деп жазылат маалыматта.
Салык кызматынын билдиргенине караганда, тойлордо кызмат көрсөткөн тамадалар, музыканттар, бий жана актёрдук топтор айына 500 сомдон 2 жарым миң сомго чейин салык төлөшөт.

Тушкон кирешелерин болжолдуу эсептеп, ошонун 10% кылып патент киргизсенер болбойбу?!! Самара мисалы бир айда бери болгондо 2млн сом акча табат. Ага как минимум 200 мин сомдук патент толотуш керек ар ай сайын.....
Эн туурасы, фонограмма менен ырдаган ырчыларга аш-тойго барып ырдоого, концерт откорууго, концерттерге катышууга тыю салуу керек. Мисалы биринчисинде 1 ай, кайталанса 3 ай, учунчусундо 1 жылга тыю салып дегендей.....
Сенин дуконун болсо Окмотко салык толойсунбу, толойсун. Пусть ырчы-чоорчулар да салык толошсун...
1000-2000 сомдук патент дегени мазактообу?! Ар ким тапкан акчасынын 10% толосун Окмотко... Мугалим, врачтар 18% толоп келет арзыбаган маянасынан...